AVN







ЖАМУнун аралыктан окутуудагы билим берүү порталы жаңы мүмкүнчүлүктөр менен толукталды

ЖАМУнун аралыктан окутуудагы билим берүү порталы жаңы мүмкүнчүлүктөр менен толукталды
 Mar 28, 2020  2126

Өлкөбүздөгү түзүлгөн кырдаалга карат ЖАМУдагы окуу процесси да аралыктан окутууга өткөнүнө экинчи жума аяктап жатат. Бул аралыкта профессордук-окутуучулук курам менен студенттердин тынымсыз аракети жүрүп жатат. Алгачкы күндөн тартып эле заман талабын канааттандырган маалыматтык технологияларды колдонуу менен онлайн сабактар өтүлүп жатат. Азыркы учурда Билим берүү жана илим министирлинини буйругуна ылайык аралык текшерүү жана жыйынтыктоочу экзамендерди уюштуруу боюнча иш жүрүп жатат.

Окутуучулар мурдатан эле сабактан кийин өз алдынча иштерди алып барууда жана сырттан окуган студенттер менен окуу процессин уюштурууда аралыктан окутуу менен тааныш болгондуктан өтө чоң кыйынчылыктар болгон жок деп айта алабыз. Билим берүү порталынан сырткары баардык группалардын ватсап группалары түзүлгөн, телеграмм аркылуу, электрондук почта аркылуу байланыш жүрүп жатат. Ал эми ЖАМУнун алдындагы колледждин мугалимдери мультиурок сайты аркылуу дагы кайтарым байланыштарын, тесттик тапшырмаларды онлайн иштөөнү мурдатан эле колго алышкан.

Социалдык тармактарда, ютубда өтө көп онлайн окутууга сунуштар, талкуулар болуп жатат. Бирок, биз окутуунун сапатын жоготпоо максатында бирдиктүү системага топтолуубуз керек. Бул деген ЖОЖдун максаттуу окутуусун колго алууга шарт түзөт. Ар бир окутуучу өз алдынча программалык каражаттарды колдонсо болот, бирок жыйынтыгында бир системага биригүү зарылчылыгы турат.

Ошондуктан биздин университет өзүнүн билим берүү порталынын мүмкүнчүлүктөрүн дагы да жогорулатуунун үстүндө иштөөбүз керек. Ошол максатта иштер жүрүп жатат.

Азыркы учурда avn.jagu.kg билим берүү порталына кошумча мүмкүнчүлүктөрдү киргиздик, б.а. мурда электрондук жадыбалды ар бир окутуучу студент КЕЛБИЛ тиркемеси аркылуу көрсө, бүгүн билим берүү порталы аркылуу дагы көрө алат. Ошондой эле билим берүү порталына тестирлөөнү аралыктан өткөрүүнү кошо алдык.

Ал эми avn.jagu.kg билим берүү порталы менен КЕЛБИЛ мобилдик тиркемесинин бирдиктүү системасын ишке ашыруу КЕЛБИЛ мобилдик тиркемесинин авторлору аркылуу колго алынды. Бул дагы студенттерге мобилдик тиркеме менен окуу материалдарын жеткирүүдөгү жакшы жетишкендик болду КЕЛБИЛ тиркемесинде жана avn.jagu.kg порталындагы жаңы мүмкүнчүлүктөр колодонулуусу

Ошондйо эле ЖАМУнун окутуучулары дагы өз алдынча онлайн сабактын видео аркылуу жеткирүүнү өздөштүрүп, окутучулар арасында жаңы идеялар пайда болууда.

Өлкөбүздөгү кырдаалга туруштук берүү менен, ЖАМУда окуу процессинин онлайн окутууну дагы алдыга жылдыруу иш аракеттери токтобойт.