2.1. Тиешелүү тармактарда жогорку кесиптик билим берүүнүн магистр программасына тектеш программаларда жогорку кесиптик билим берүү боюнча "БАКАЛАВР" академиялык даражасы же "адис" квалификациясы ырасталган тиешелүү мамлекеттик үлгүдөгү дипломдору бар жарандар кабыл алынат (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июнунда берилген №328 токтомуна ылайык).
2.2. Жогорку билим берүүнүн бакалавр же адис негизги программаларынын бири боюнча окуп, окууну ийгиликтүү аяктап мамлекеттик аттестациядан өткөндүгү тууралуу күбөлүктү аккредиттелген күбөлүккө ээ болгон жогорку билим берүү мекемеси тарабынан алган жарандар ЖАМУнун Магистратурасындагы программаларда билим алууга укуктуу.
2.3. ЖАМУнун магистр структурасына жарандар арыздарынын, кирүү экзамендеринин (тандаган багыты боюнча кесиптик предметтерден комплекстик жана чет тилдеринин биринен тесттин) натыйжалары боюнча конкурстук негизде кабыл алынат.
2.4. ЖАМУнун магистр даражасын алуу үчүн кабыл алуу критерийлеринин негизгиси кирүү экзамендердеги билим деңгээлинин көрсөткүчү эсептелет.
2.5. 1998-жылдын 24-ноябрындагы билим берүү мекемелерин кабыл алуу жана 1996-жылдын 29-мартындагы экономикалык жана гуманитардык тармактарда биригүүгө (интеграциялануу) катышкан мамлекеттердин жарандарына бирдей укуктарды берүү жөнүндө Макулдашууга ылайык Кыргызстандын жарандарындай билим берүү укугуна:
- Россия, Казакстан, Тажикстан, Беларусия менен Түркиянын жарандары;
- жарандыгына карабастан бардык этникалык кыргыздар ээ болушат.
2.6. Чет өлкөлүк жарандар төмөнкү шарттарда ЖАМУнун магистратурасында окууга укугу бар:
- паспортунун мамлекеттик же расмий тилге мыйзамдаштырылган котормосу;
- акыркы визасынын жана каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- жогорку билими жөнүндө дипломдун жана тиркемесинин (мамлекеттик же расмий тилге мыйзамдаштырылган котормосу) түп нускасы;
-арызы менен
- КРББжИ Министрлиги тарабынан берилген дипломго билим шайкештиги дал келген документи болгон.
2.7. Келишимдик негизде окутуунун шарттары, тартиби ЖАМУда келишимдик негизде окутуу жөнүндөгү Жобо аркылуу тейленет. Жобонун негизинде окууга келип кирген биринчи курстун магистранты менен ЖАМУнун ортосунда келишим түзүлөт.
2.8. Жарандардын арыздарынын негизинде тиешелүү программалар боюнча окутуу үчүн конкурстук кирүү сынактарын уюштуруу, өткөрүү боюнча жана жыйынтыктарынын негизинде жарандарды магистратурага кабыл алууну өткөрүүнү Магистратура жана докторантура бөлүм тарабынан сунушталып ЖАМУнун ректорунун буйругу менен бекитилген кабыл алуу комиссиясы ишке ашырат.
2.9. Кабыл алуу комиссиясы төмөнкүлөрдү аткарат:
кабыл алуу жана тапшыруучулардын берилген документтерин кароо, талдоо, алардын квалификациясынын магистратурада тандаган багытына тектештигин аныктайт;
келип түшкөн арыздарынын негизинде кирүүчүлөр үчүн конкурстук сыноолорду уюштурат жана өткөрөт;
ар бир магистрдик программага кирүүгө сунушталган документтерди кароонун жана конкурстук сыноолордун натыйжаларынын негизинде магистратурага окууга кабыл алуу жөнүндө буйруктун долбоорун даярдайт;
2.10. Магистратура программалары боюнча окутуу үчүн кабыл алууда программаларга кирүүчүлөрдүн санын (лицензиялык норманын чегинде), тизмеси, жана кирүү сынактарын өткөрүүнүн формасын (экзамендер же аңгемелешүү) ЖАМУ өз алдынча белгилейт.
2.11. Магистратурага кирүү экзамендери же аңгемелешүү сынактык комиссия тарабынан багыттар боюнча программаларына ылайык иштелип чыккан материалдардын (тесттик тапшырма же суроо-жооптор) негизинде өткөрүлөт.
2.12. МАК сунушу менен, ЖАМУнун тиешелүү багытынын бакалавр программасынын бүтүрүүчүлөрү ЖАМУнун негизги билим берүүнүн магистрдик даражаны алуу үчүн окууну улантууга сынактары жок кабыл алынат.
2.13. Жүйөлүү себеби жок сынактарга же аңгемелешүүгө катышпагандар, же начар баа алгандар магистратурага кирүү конкурсуна катышпайт, окууга кабыл алынбайт.
2.14. Магистратурада окутуу үчүн талапкерлердин тизмелери, кабыл алуу комиссиясынын чечими жана тандоо комиссиясынын кабыл алуу үчүн сунуш кылынган чечиминин негизинде түзүлөт. Конкурстук балл бирдей болгон учурда артыкчылык укугуна ээ болушат:
-МАК сунушу бар университеттин бүтүрүүчүлөрү, студенттик олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, конкурстардын лауреаттары, экинчи маанидеги жогорку кесиптик билим берүү тармагындагы мыкты бүтүрүүчүлөр;
- Негизги билим берүү программасын тиешелүү багытта аяктаган учурдагы ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү;
2.15. Магистратурага кабыл алууда жалпы контингент Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген уруксатта көрсөтүлгөн чек боюнча бекитилет.
2.16. Талапкердин билим деңгээли экзамендин же аңгемелешүүнүн натыйжасында аныкталат. 1-курска кабыл алууга зарыл балл көрсөткүчүн кабыл алуу комиссиясы чечет. Кабыл алуу комиссиясы тиешелүү магистрдик программага кабыл алуу же баш тартуу жөнүндө сунуш менен чечим кабыл алат.
2.17. Кабыл алуу комиссиясы тарабынан белгиленген убакыт ичинде магистратуранын тиешелүү программаларына документтерди кабыл алуу жүргүзүлөт.
2.18. ЖАМУнун конкурстук комиссиясынан өткөндөрдүн тизмеси, ЖАМУнун ректорунун буйругу менен бекитилип, жаңы окуу жылына кабыл алынган талапкерлерге-магистранттарга 10 күн ичинде билдирилет, окууга чакырылат.
2.19. Кабыл алынган магистранттарга ЖАМУнун магистрантынын билети жана сынак китепчеси берилет.
2.20. Магистратурага кабыл алууда бош орундарга кабыл алуунун 2-туру учурдагы жылдын 10-сентябрынан тартып 1-октябрга чейин кошумча жарыяланышы мүмкүн.
2.21. ЖАМУнун магистратурасына тапшырууга келген талапкерлер төмөндөгүдөй документтерди тапшырышы керек:
Инсандыгын жана жарандыгын тастыктоочу документи - паспорт жана анын көчүрмөсүн;
Мурунку жогорку билими жөнүндө дипломдун түп нускасы же окууну ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндөгү күбөлүк;
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректорунун атына тандаган магистрлик программаларын, багытын көрсөтүү менен жазылган жеке арызы;
Резюме;
Аскердик каттоо жөнүндө күбөлүктүн же аскердик билеттин көчүрмөсү;

Сүрөт өлчөмү 3х4 см (6 даана.)