AVN







 УНБИЦ ЖАГУ им. Б.Осмонова Учебно-научный библиотечно-информационный центр

 

Китепкана директору Култаева Роза Тажимырзаевна 

Адрес:  720908, Кыргыз Республикасы,Жалал-Абад ш., Ленин к. 57

Телефон: (03722) 2-39-37

Сайт: http:// jasulib. org.kg

E_mail:  roza_kultaeva@ mail.ru

1993-жылдын 2-апрелинде ЖАМУ түзүлгөндөн баштап, ЖАМУнун Борборлоштурулган китепканасы  түзүлгөн (БК).

2000-жылдын 12.06  ЖАМУнун Борборлоштурулган китепканасы, ЖАМУнун Борбордук илимий китепканасы, ал эми 01.02.2007-жылдан Китепкана-маалымат Борбору болуп аталды.

Учурда ЖАМУнун  китепканасы  илим, маданият жана билим берүүнүн керектөөсү  үчүн маалыматтык-китепканалык тейлөөнүн натыйжалуу методдорунун бири,  жаңы маалымат технологиялары-нын каражаттарын пайдалануу менен, университеттин бардык колдонуучуларына азыркы замандын эң маанилуу маалыматтарынын электрондук жана традициялык түрлөрүнөн пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүчү электрондук китепкана-маалымат Борборуна айланды.

Ар жыл сайын китепкана фондду кафедралар менен биргеликте,  университеттин администрациясы белгилеген  тартиптин  негизинде, мамлекеттик билим берүүнун стандарттарына ылайык түзүлгөн ар бир адисттиктердин тематикалык  планы менен, китепкананын жылдык  смета-заявкасы боюнча  комплектилөө жүргүзөт .

Азыркы мезгилде,  ЖАМУнун китепканасынын жалпы фонду  726636   нусканы түзөт , негизги бөлүгү окуу адабияттары.  КМБнын  Жалал-Абад шаары боюнча жалпы фонду  -  639964 нусканы  түзөт, негизги бөлүгү окуу  адабияттары  528961  нуска жана 16706 электрондук  ресурстар менен толукталган.

Жылына 3585 нускадан ашык  китептер, ар түрдүү басылмалар,  электрондук ресурстар сатылып алынат.  Анын ичинен 1304 нускадан ашык  журнал, китеп жана башка электрондук маалымат басылмалары  жана башка маалыматтык ресурстар белекке алынат.

КМБда Азамат Алтайдын (Кудайберген Кожомбердиев) коллекцияларынан баалуу фонд түзүлгөн,  Азамат Алтай  клубу  уюшулган,  интеллектуалдык менчик боюнча патенттик адабияттардын жана  документациялардын  фонду  түзүлгөн. 

Жыл сайын  КМБда  Кыргызстандын, Россиянын мезгилдүү басылмаларынын  96  аталыштагы газета-журналдарына жана  электрондук  База Топтомдоруна жазылуу жүргүзүлөт.

Китепкана, 2006-жылдын 1-сентябрынан-2010-жылдын 31-мартына чейин, Евросоюздун TACIС программасынын бюджетинен каржыланган «KYRLIBNET» евродолбоорунун алкагында, биргелешкен ТЕМПУС  UM-JEP-26219 «Кыргызстандын университеттик китепканалардын арасындагы китепканалык маалымат ресурстары менен алмашуу» 3 жылдык  инновациялык евродолбоорго катышып  иш  алып  барды.

 

Евродолбоордун алкагында КМБда  3 заманбап  бөлүм  түзүлгөн:

Библиография жана электрондук документациялар бөлүмү (БЭД).

Илимий-техникалык маалыматтарды окутуу жана жайылтуу борбору (ЦОРНТИ)

Электрондук  документтерди  жөнөтүү,  кабыл  алуу жана  маалыматтарды  башкаруу  системасы (ЭДД и ИСУ) – КАА - китепканалар аралык абонементи - T – SYSTEM – электрондук документтерди жөнөтүү системасы

КМБ нын 25 китепканачысы жана IT адистери Евросоюздан жана Бишкек шаарындагы И. Раззаков атындагы КТУнун китепканасынын базасында евроөнөктөштөрдүн катышуусуунда  сынактык окуулардан өтүшүп,  тажрыйба алышып, бүгүнкү күндө ЖАМУнун китепканасында  жаңы  технологиялардын каражаттары менен пайдаланып окурмандарды маалымат менен камсыз кылуунун үстүндө иштешүүдө.

2010- жылдын 31-мартында  долбоор ийгиликтүү аяктары менен ЖАМУ, КТУ, ЫМУ жана дагы башка, Кыргызстандын бириккен 6 жогорку окуу жайларынын маалымат ресурстары менен биргелешип алмашып пайдаланууга жана бул долбоорго кирген Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын китепканаларынын китепканалык- маалымат  ресурстарын  жана материалдарын күнү-түнү жайгаштырууга , кеңири маалымат алуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлүп,  Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын китепканаларын ортосундагы байланышты бириктирүүчү «KYRLIBNET» Евродолбоорунун  бирдиктүү сайты түзүлдү www.kyrlibnet.kg

ЖАМУнун китепканасы, «KYRLIBNET» евродолбоорунун алкагында, 2011-ж. 15-июнунда, Кыргызстандын китепканаларынын биргелешкен юридикалык «Электрондук китепканалардын ассоциациясы» түзүлүп, мамлекеттик юридикалык «Электрондук китепканалардын ассоциациясы» каттоодон өтүп, каттоо  күбөлүгүн алуу менен бирге Кыргызстандагы электрондук  китепканалардын ассоциациясын уюштуруучуларынын жана түзүүчүлөрүнүн бири  болуп калды. («Электрондук китепканалардын ассоциациясы» каттоо күбөлүгү № 117355-3301-ОЮЛ, КОД ОКПО 27489963, ИНН 01506201110228, Бишкек ш. 15. 06. 2011 Серия ГРЮ № 002858).          

 

Кыргызстандын китепканаларынын биргелешкен юридикалык «Электрондук китепканалардын ассоциациясына» 16 китепканасы  мүчө.

«KYRLIBNET» евродолбоорунун алкагында илимий-техникалык маалыматтарды окутуу жана жайылтуу Борбору негизделген.

Азыркы мезгилде,  КМБдагы окутуу курстарынын       МОДУЛДАРЫ:

Электрондук документацияларды пайдалануу

  • Интернет жана компьютерлик сабаттуулуктун негиздери

  • ЭК жана АБС «ИРБИС» менен иштөө

  • Китепканада китепканалык ресурстар менен  иштөө

  • Автордук укук (евродолбоордун алкагында иштелген)

  • Модуль: WEB 2.0 (евродолбоордун алкагында иштелген)

  • Электрондук китепкана(евродолбоордун алкагында иштелген)

Жылыга, ЖАМУнун китепканасынын  окутуу борборунан  төмөнкү аталган модулдар боюнча 2338 ден ашуун  пайдалануучулар окуудан өтүшөт, алардын ичинде Жалал-Абад шаарынын  башка окуу жай жана мекемелеринен да бар.       

КМБ KYRLIBNET -  UM-JEP-26219-2005 ТЕМПУС –ТАСИС Эл Аралык биргелешкен евродолбоордун колдоосунда 28 компьютер, 2 компьютер-сервер, МФУ (сканер+принтер+ксерокс)-1 “Epson”проектор-1,  толукталып,  АБС “ИРБИС-64” программасынын  жаңы версиясы менен камсыз болду.

Китепкананы, автоматташтыруу системасынын  “ИРБИС  -64”программасы боюнча китепкананын ресурстарынын электрондук каталогу түзүлүп, электрондук каталог (ЭК) китепкананын ресурстарын пайдаланууга болгон мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууда.

 

КМБнын электрондук каталогу төмөнкү База Топтомдору (БТ) боюнча  жүргүзүлүүдө:

БТ-LIC – Китептер

БТ-TPPS - ЖАМУнун профессордук-окутуучулар курамынын эмгектери

БТ-PIJ -  Мезгилдүү басылмалар

БТ-ARJ – Авторефераттар

БТ-KP – Кыргызпатент  

БТ-VO -  Жогорку билим

БТ-KG –  Кыргызстан

БТ –JAL - Жалал-Абад

БТ –CHA -Чынгыз Айтматов

БТ–SPPS -  ЖАМУнун профессордук-окутуучулар курамынын макалалары

БТ-BDCD - СД-дисктер

NDOKR -   Билим берүү боюнча нормативдик-укуктук документтер

 

«KYRLIBNET» евродолбоорунун алкагында,  2007 – жылы китепкананын  өздүк WEB-сайты түзүлгөн  www.Jasulib.org.kg

Китепкананын структурасы:

Электрондук каталог жана маалымат ресурстарын өнүктүрүү бөлүмү (ЭКРИР)

Библиография жана электрондук документациялар бөлүмү (БЭД).

Илимий-техникалык маалыматтарды окутуу жана жайылтуу борбору (ЦОРНТИ)

Электрондук документтерди жөнөтүү, кабыл алуу жана маалыматтарды башкаруу системасы (ЭДД и ИСУ) – КАА - китепканалар аралык абонементи- T – SYSTEM – электрондук документтерди жөнөтүү системасы

Тейлөө бөлүмү: 5 окуу абонементи, 500 орундуу 6 окуу залы,  2 электрондук окуу залы,  1 китепкана пункту окурмандардын  суроо-талаптарын  камсыз кылуу кызматында.

 

Китепкана штаты - 20 адам.

КМБнын ЖАМУнун борбордон чет жактагы факультеттеринде 4 филиалы бар.

Жыл сайын КМБда бирдиктүү окуу белети боюнча - 6814 окурман тейленип, бир жылда 42422314  ашуун китеп жана журналдар берилип,  жыл ичинде 185294  ашуун  пайдалануучу келип турат.

Жумуштун приоритеттүү багыттары:

  • фондду сапаттуу комплектилөө;

  • билим берүү процессин жана илимий  изилдөөлөрдү маалымат  менен камсыздоо;

  • китепкананын пайдалануучуларынын маалыматтык керектөөлөрүн канааттандырууда компьютердик  технологияларды колдонуу.

Электрондук китепкана төмөнкү багыттар  боюнча түзүлөт:

  • университетте окутулган  дисциплиналар боюнча  окуу китептеринин  толук текстүү коллекцияларын түзүү;

  • пайдалануучуларга окуу адабияттарынын  фондун  CD  уюштуруп берүү;

  • университеттин  профессордук-окутуучулар курамынын  эмгектеринин  толук тексттүү коллекцияларын  түзүү ;

  • толук текстүү электрондук База Топторуна жазылууну  жүргүзүү;

  • ЖАМУнун  Жарчысындагы илимий макалалардын  толук текстүү коллецияларын  түзүү.

ЖАМУ КМБ - Кыргыз Республикасынын китепкана-маалымат Консорциумунун Ассоциациясынын (БИК), Эл Аралык электрондук китепканаларды жана жаңы маалымат технологияларын колдонуучулар жана иштетүүчүлөр Ассоциациясынын (ЭБНИТ) жана ошондой эле Кыргызстандын китепканаларынын биргелешкен юридикалык «Электрондук китепканалардын ассоциациясына» (АЭБК) мүчө.

ЖАМУнун китепканасынын кызматкерлери 1999-жылдан бери конкурстук негизде  китепкана иши боюнча,  Эл  аралык  конференциялардын, форумдардын, семинарлардын, долбоорлордун активдүү катышуучулары.