AVN







Аттестациялык комиссия жана жогорку жана атайын орто билимдүү талапкерлерди кабыл алуу ЖОБОСУ

Бул жобо «Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибинин» (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы №256 токтому менен бекиген), ЖАМУнун уставынын жана 2020-2021-окуу жылына Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине кабыл алуунун тартибинин негизинде даярдалган.

 

Жогорку же атайын орто билими бар жарандарды ЖАМУга кабыл алуу, алардын арыздарынын негизинде жүргүзүлөт. Арызга мамлекеттик үлгүдөгү жогорку же атайын орто билим жөнүндөгү документтин жана баалары жөнүндөгү тиркеменин түп нускасы, медициналык справка жана белгиленген өлчөмдөгү сурөттөр тиркелет (Тартип, 1.5-берене.). Жарандыгын күбөлөндүргөн документ арыз тапшыруу учурунда көрсөтүлөт.

Жогорку же атайын орто билими бар жарандарды ЖАМУга кабыл алуу аңгемелешүүнүн же тестирлөөнүн негизинде жүргүзүлөт.

Жогорку же атайын орто билими бар жарандарды ЖАМУга аңгемелешүү же тестирлөө менен кабыл алуу үчүн атайын аттестациялык комиссия түзүлөт (Тартип, 2.7-берене). Аттестациялык комиссиянын курамы ректор тарабынан бекитилет.

Аттестациялык комиссия талапкерлердин жогорку же атайын орто билими жөнүндөгү документинин, баалары жөнүндөгү тиркеменин негизинде:

окутуунун багытын аныктайт;

академиялык айрымаларын санын аныктайт;

талапкерди ЖAMУда окуунун шарттары менен тааныштырып, атайын келишим түзөт, окуу акысын төлөөнү сунуш кылат.

Аттестациялык комиссия талапкер менен аңгемелешүүнүн же тестирлөөнүн жыйынтыгында протокол менен, талапкерди студенттердин катарына каттоо үчүн ЖАМУнун кабыл алуу комиссиясына сунуш берет.

Аттестациялык комиссия академиялык айырмаларды аныктоодо төмөнкү жагдайларды эске алат (КР ББИ министирлигинин 2010- жылдын 1-сентябрында №543/1 буйругу менен бекиген «КР ЖОЖдордун студенттерин которуу, окуудан чыгаруу жана кайра тикелөө тартиби», 2.11-14-беренелер), талапкерлер башта окуган төмөнкү дисциплиналарды окуду же өттү деп, жыйынтыктоонун формасына карабастан (зачет, экзамен), баалары дипломдун тиркемесинин негизинде кабыл алынат, айырма деп эсептелбейт:

гуманитардык жана социалдык-экономикалык дисциплиналар;

математикалык жана табигый дисциплиналар;

аталыштары жана окуу көлөмү 60%-100% бирдей жалпы адистик дисциплиналар;

аталыштары жана көлөмү 60%-100% бирдей окуу жана өндүрүштүк практикалар.

Тандоо жана факультативдик курстар академиялык айырмачылыкты аныктаганда эске алынбайт.

Көрсөтүлгөн талаптарга туура келбеген дисциплиналар академиялык айырма катары тапшырылат.

Жалпысынан, студент адистиги боюнча ЖАМУда колдонулуп жаткан окуу планын толугу менен аткарышы керек.

Жогорку билими бар жарандар күндүзгү же сырттан окуу бөлүмүнө бардык багыт боюнча тапшыра алат жана академиялык айырмачылыктарына жараша тиешелүү курска сунуш кылынат.

Атайын орто билими бар жарандар, багыты туура келген адистиктерге, тапшыра алат жана академиялык айырмачылыктарына жараша тиешелүү курска сунуш кылынат.

Атайын орто билими бар жарандардын адистик багыты ЖАМУнун жогорку билим адистигинин багытына туура келбесе, алар жалпы ЖРТнын жыйынтыгынын негизинде 1-курстан кабыл алынат.

Аттестациялык комиссиянын чечимине нараазы болгон талапкерлер, жалпы негизде ЖАМУнун апелляциялык комиссиясына кайрылууга укуктуу.

 

ҮББИнин директору _____________ З.С.Калыбекова

 

ЖАМУнун кабыл алуу

комиссиясынын жооптуу катчысы: ___________ C.Куваков