AVN







2021 - 2022 окуу жылына Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине кабыл алуунун тартиби

Бул тартип Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамына жана башка КРнын укуктук нормативдик актыларына, ошондой эле КР Өкмөтүнүн 27-май 2011-жылы №256 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибине» ылайык жогорку кесиптик билим алуу программасы боюнча студенттерди кабыл алуунун негизинде жана КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомунун негизинде иштелип чыкты.

 

Жалпы жоболор

1.1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын жарандарын жана башка мамлекеттердин жарандарын уюштуруучулук-укуктук формасына (жеке менчик же ведомстволук тиешелүүлүк) карабастан жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча юридикалык жана (же) жеке жактардын акы төлөп окуу (мындан ары - окутуунун акы төлөө келишими) келишимдеринин негизинде Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине (мындан ары ЖАМУ) кабыл алууну жөнгө салат.

1.2. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы башка ченемдик актыларына ылайык иштелип чыккан.

1.3. ЖАМУ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бул Тартипке каршы келбеген бөлүмүндөгү, жыл сайын кабыл алуу эрежелерин өз алдынча иштеп чыгат, бекитет жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары КР ББИМ) менен макулдашат.

1.4. ЖАМУнун биринчи курсуна жалпы орто жана орто кесиптик билими бар адамдар кабыл алынат.

1.5. Кийинки курстарга ар кандай баскычтагы жогорку кесиптик билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар адамдар кабыл алынат. Тийиштүү адистиктердеги кийинки курстарга тийиштүү профилдеги орто кесиптик билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар адамдар кабыл алынат. Орто кесиптик билимдүү адистиктеринин жана аларга ылайыктуу жогорку кесиптик билим берүүнүн багыттары жана адистиктери боюнча тизме КР ББИМи тарабынан бекитилет.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык).

1.7. Кыргыз Республикасынын жарандары эгер бул деңгээлдеги билим алар тарабынан биринчи жолу алынып жатса, конкурстук негизде мамлекеттик билим берүү стандарттарынын чегинде акысыз жогорку билим алууга укуктуу.

1.8. ЖАМУда башка мамлекеттердин жарандарын окутуу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык келишимдердин негизинде, ошондой эле билим берүү уюмдарынын ортосундагы же жекече жарандар ортосундагы келишимдердин негизинде ишке ашырылат. ЖАМУга чет өлкөлүк жарандарды тандоо үчүн дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүндө ортомчулук кызматтарды көрсөтүүчү өнөктөштөр менен жогорку окуу жайлардын ортосундагы келишимдер жогорку окуу жайларына кабыл алуу жөнүндө жарыя чыкканга чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашылышы керек.(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык)

1.9. ЖАМУ күндүзгү, сырттан окутуу формаларына окутууга тапшырууда башкы критерийлер болуп абитуриенттин билим деңгээли жана жөндөмдүүлүгү саналат

1.10.ЖАМУ кабыл алууну КР ББИМги менен адистиктердин тизмесин жана аларга кабыл алуунун планын макулдашкандан кийин жарыялайт.

 

2.ЖАМУга кабыл алууну уюштуруу

2.2. Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгы менен гранттык жана окуу акысын төлөө менен күндүзгү жана аралыктан окуу бөлүмгө тапшыруучу абитуриенттерди биринчи курска кабыл алууда кабыл алуунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында ЖАМУда кабыл алуу комиссия уюштурулат, анын төрагасы ЖАМУнун ректору болот.

2.3. ЖАМУнун кабыл алуу комиссиясынын төрагасы кабыл алуу планынын аткарылышына, лицензияда бекитилген контингенттин чегин сактоого, ошондой эле ЖОЖдорго кабыл алуунун укуктук-нормативдик актыларынын талаптарын аткарууга жооптуу, кабыл алуу жана талаш-тартыш комиссиясынын мүчөлөрүнүн милдеттерин аныктайт, алардын иш тартибин, кабыл алуу жана талаш-тартыш комиссиясынын талапкерлерди кабыл алуу ыргагын бекитет.

2.4. ЖАМУнун кабыл алуу комиссиясынын курамы, милдеттери жана ишкердүүлүгү ал жөнүндөгү ректор тарабынан бекитилген жободо аныкталат. ЖАМУнун кабыл алуу комиссиясынын иштөө мөөнөтү бир жылды түзөт.

2.5. Кабыл алуу комиссиясынын ишин жана иш кагаздарын жүргүзүүнү, ошондой эле талапкерлерди жана алардын ата-энелерин кабыл алууну кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы уюштурат. Ал ЖАМУнун ректору тарабынан дайындалат жана КР ББИМги менен макулдашылат, жооптуу катчы болуп бир эле киши эки жылдан ашык катары менен дайындалбайт.

2.6.Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы кирүү сынактарын уюштуруу жана өткөрүү үчүн сынактык жана талаш-тартыш комиссиясынын курамын бекитет. Алардын милдеттери жана ишмердүүлүгү кабыл алуу комиссиясынын төрагасы бекиткен жободо аныкталат.

2.7.ЖАМУга экинчи жана андан жогорку курстарга кабыл алууда аттестациялык сыноолорду уюштуруу жана өткөрүү үчүн аттестациялык комиссия уюштурулат. Аттестациялык комиссиянын уюштуруу тартиби, курамы, милдеттери жана ишмердүүлүк тартиби, ошондой эле аттестациялык комиссиянын сыноо процедуралары ЖАМУнун ректору бекиткен тиешелүү жободо аныкталат.

2.8.ЖАМУнун кабыл алуу комиссиясы абитуриенттин ЖРТгө катышкандыгы жөнүндө маалыматтын ырас экендигине текшерүү жүргүзүүгө милдеттүү, ошондой эле абитуриент көргөзгөн башка билими жөнүндөгү документтерди да текшерүүгө укуктуу.

ЖАМУга гранттык орундарга жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы менен босого баллга ылайык келген абитуриенттер студенттин катарына конкурстун негизинде кабыл алынат.

Келишимдик негизде тапшыруучу абитуриенттер жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы менен негизги жана кошумча тесттик баллдын босого баллга ылайыктуулугу каралат. Андан сырткары келишимдик негизде тапшыруучу талапкер негизги тесттик баллдын жыйынтыгы босого баллдан жогору болуп, кошумча предметтик тесттин баллы төмөн болсо негизги тесттин жыйынтыгы менен конкурска катыша алат.

ЖОЖго кабыл алуу жана грант алуу конкурсунда негизги жана предметтик тесттердин баллынын суммасы менен конкурска катышкан, негизги жана тийиштүү предметтик тест боюнча өтүү баллына тең же андан жогору балл топтогон талапкерлер окууга өтүүдө артыкчылыктуу укукка ээ болушат. Эгерде конкурска предметтик тесттин жыйынтыктары менен талапкерлердин саны жетишсиз болсо, гранттык комиссия талапкерлерди (медициналык жана фармацевттик адистиктерди кошпогондо) негизги тесттин жыйынтыктары боюнча окууга кабыл алууну сунуштайт.

 

3. Абитуриенттерге маалымат берүүнү уюштуруу

3.1. Абитуриент, анын мыйзамдуу өкүлү, ата-энеси ЖАМУнун Уставы, билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө берген лицензиялары жана мамлекеттик аттестациянын сертификаттары, ЖАМУга кабыл алуу тартиби менен таанышууга укуктуу. Келишимдик негизде окуу акысын төлөө менен кабыл алуу учурунда ЖАМУнун кабыл алуу комиссиясы талапкерди, анын ата-энесин жактардын милдеттери жана укуктары, окуу акысынын өлчөмү жана аны төлөө эрежелери менен тааныштырат. Бул маалыматтар

3.2. ЖАМУ жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча окутуу үчүн жарандарды кабыл алууну бул билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзүү укугуна ээ лицензиясы бар учурда гана жарыялайт.

3.3.ЖАМУнун сайтына жана кабыл алуу комиссиясынын атайын дубал маалымат жарнагында жарыяланат.

3.4.ЖАМУнун кабыл алуу комиссиясы кабыл алууну баштоодон мурда төмөнкүлөрдү жарыялайт:

- ЖАМУга 2020-2021-окуу жылына кабыл алуунун тартибин;

- ЖАМУ кабыл алууга жарыялай турган билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берген тиешелүү лицензиясы бар даярдоо багыттарынын жана адистиктердин тизмесин

- кирүү сынактарынын жалпы билим берүү предметтери боюнча ар бир багыт жана адистик боюнча тизмесин

- жогорку кесиптик билими барлар үчүн кирүү сынактарынын тизмесин жана формасын;

- биринчи курска кабыл алынуучу орундардын ар бир багыт жана адистик үчүн жалпы санын;

- кирүү жана аттестациялык сынактардын жыйынтыктары боюнча талаш-тартыш комиссиясында кароо жана арыз берүү тартибин;

- окуу акысын төлөө менен тапшыруучулар үчүн келишимдин үлгүсүн;

- жалпы кирүү жана аттестациялык кабыл алуулардын мөөнөтүн;

- окуу акысы үчүн төлөө мөөнөттөрүн.

3.5.ЖАМУнун кабыл алуу комиссиясы кабыл алуу мезгилинде ар күн сайын дубал жарнагында түшкөн арыздар жана конкурстар жөнүндө жарыялап турат.

 

4.Документтерди кабыл алуу

4.1. ЖАМУга абитуриенттерди тандоо жана каттоо учурдагы жылдын ЖРТ натыйжасы боюнча «Абитуриент онлайн» автоматташтырылган маалыматтык системасы боюнча 2020.edu.gov.kg. сайты аркылуу жүргүзүлөт.

4.2. Чет өлкөлүк жарандарды ЖАМУга кабыл алуу жеке арызынын негизинде кабыл алынат. Арыздарды кабыл алуу онлайн режиминде жүргүзүлөт.(сайт www.jagu.kg, эл. почта: rector@ jagu.kg)

4.3.ЖАМУга кабыл алуу туурасында арыз берүүдө абитуриент анын инсандыгын жана жарандыгын тастыктаган документти көрсөтөт. Арызга жалпы орто же орто кесиптик билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документ жана тиешелүү сандагы сүрөттөр тиркелет. Кошумча документтер (ата-энесинин өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, медициналык-социалдык маалымкат, спорттук наамынын болушун ырастоочу документтер, мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөндүгү жөнүндө белгиси бар аскер билети ж.б.) абитуриент тарабынан, эгерде ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеңилдиктерге талапкер болсо, көрсөтүлүшү мүмкүн.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 215, 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 514, 2014-жылдын 16-июнундагы № 328 , 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

4.4. Жогорку окуу жайына кабыл алуу туурасында арыз берүүдө абитуриент өз каалоосу менен анын инсандыгын, жарандыгын тастыктаган документтердин түп нускасын же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документинин түп нускасын же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана тиешелүү сандагы сүрөттөрүн берет.

4.5. Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин алар берилген жождун түп нускасы боюнча көчүрмөлөөгө жол берилет.

4.6.Чет өлкөлүк окуу жайларда окуган Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар кабыл алуу комиссиясына Кыргыз Республикасынын жалпы орто билими же орто кесиптик билими тууралуу мамлекеттик документине эквиваленттүү билими тууралуу документин көрсөтүшү керек. Чет өлкөлүк окуу жайлар тарабынан берилген билими жөнүндөгү документтердин экспертизасы билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк окуу жайларда окуган Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар каттоо КР ББИМ тарабынан берилген, билиминин мазмун деңгээлинин ылайыктуулугу жөнүндө маалымкатты көрсөтпөсө, кабыл алынбайт.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык)

4.7. Абитуриенттерди гранттык (бюджеттик) орундарга тандоо жана кабыл алуу турларын өткөрүү тартиби өзүнчө жобо менен белгиленет.

4.8.Ар бир тапшыруучуга жекече иш көктөмү ачылып, анда бардык тапшырылган документтер жана тапшырылган кирүү сынактарынын, аттестациялык сынактарынын материалдары (аны менен катар жогорку окуу жайынын апелляциялык комиссиясынын чечиминин протоколунун көчүрмөсү) сакталат.

Тапшыруучулардын жекече иш көктөмү жогорку окуу жайда документтерди кабыл алгандан тартып, алты ай аралыгында сакталат.

4.9. Документтерди тапшырууда абитуриентке документтердин кабыл алынгандыгы тууралуу тил кат берилет.

4.10. Кабыл алуу комиссиясына билип туруп жасалма документтерди тапшырган абитуриенттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.

 

5. Жалпы республикалык тестирлөө жана кирүү сынактары

5.1. ЖАМУга абитуриенттерди күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүнө окуу акысын төлөө боюнча конкурс менен каттоо учурдагы жылдын ЖРТ натыйжасы боюнча «Абитуриент онлайн» автоматташтырылган маалыматтык системасы боюнча 2020.edu.gov.kg. сайты аркылуу жүргүзүлөт.

5.2.ЖРТнын жыйынтыктары менен акы төлөө келишими боюнча окутуу орундарына бардык окуу формасына конкурс өткөрүүнүн мөөнөтү жана тартиби абитуриенттерди гранттык окууга тандоо жана кабыл алуу турларын өткөрүүгө окшош. Абитуриент ар бир турда сертификатынын кагаз же электрондук талонун тапшыруу менен бир ЖОЖду тандап алуга укуктуу. Конкурс мамлекеттик билим берүү грантын алууга талапкерлер үчүн белгиленген, абитуриенттердин категорияларын эске албастан өткөрүлөт, эң жогорку балл алган абитуриенттер кабыл алууга сунушталат.

Сынак өткөрүү жана окутуунун күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан, анын ичинде дистанттык технологияларды колдонуу менен формаларына конкурс өткөрүү жана кабыл алуу мөөнөттөрү ЖАМУ тарабынан өз алдынча белгиленет. Кошумча предметтик тесттерди талап кылган (медициналык адистиктерден тышкары) адистиктерге жана багыттарга окутуу акысын төлөө менен келишим боюнча орундарга сынакка бул тесттерди тапшырбаган, бирок негизги тест боюнча чектиктен жогору баллы бар абитуриенттерге уруксат берилет. Бул адистиктерге эсепке киргизүүдө предметтик тесттердин жыйынтыктары бар абитуриенттер артыкчылыктуу укуктан пайдаланышат, калган орундарга негизги тесттин жыйынтыктары боюнча абитуриенттер сунушталат.

​​​​​​​Гранттар боюнча окууга конкурстан өтпөй калган абитуриенттер тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча конкурстарга катышып, жогорку жана атайын орто окуу жайларга окуу наркын төлөп, келишимдин негизинде окуу үчүн, кесиптик орто окуу жайларга кабыл алынууга укуктуу.

ЖАМУга кабыл алуу жана грант алуу конкурсунда негизги жана предметтик тесттердин баллынын суммасы менен конкурска катышкан, негизги жана тийиштүү предметтик тест боюнча өтүү баллына тең же андан жогору балл топтогон талапкерлер окууга өтүүдө артыкчылыктуу укукка ээ болушат. Эгерде конкурска предметтик тесттин жыйынтыктары менен талапкерлерлердин саны жетишсиз болсо, гранттык комиссия талапкерлерди (медициналык жана фармацевттик адистиктерди кошпогондо) негизги тесттин жыйынтыктары боюнча окууга кабыл алууну сунуштайт.

5.3. ЖАМУ кирүү сынактарын төмөндөгү учурда гана өткөрөт:

-ЖРТнын жыйынтыктары талап кылынбаган даярдоо багыттарына жана адистиктерге тапшыруучу абитуриенттер үчүн.

ЖАМУ кирүү сынактарын чет өлкөлүк атуул абитуриенттер үчүн өткөрөт.

Кирүү сынактары алыскы чет өлкөлүк жарандар үчүн ошол өлкөдө ЖАМУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчынын катышуусунда же ЖАМУда онлайн режиминде, ал эми жакынкы чет өлкөлүк жарандар үчүн ЖАМУнун өзүндө тест түрүндө же онлайн режиминде өткөрүлөт. Кирүү сынактары жалпы орто билим берүү программасына тиешелүү болот үч предметтен өткөрүлөт, алардын бирөө тилден, бирөө – адистиги (багыты) боюнча экинчиси профилдүү предметтен.

Кирүү жана аттестациялык сынактардын жадыбалы (предметтери, датасы, убактысы, орду ж.б.) кабыл алуу комиссиясынын төрагасы тарабынан бекитилет. Алар 20-июлдан 20-августка чейин сынактык тайпалардын топтолушуна жараша өтөт. Чет өлкөлүк жарандар үчүн кирүү сынактарын өткөрүү мөөнөттөрү 15-октябрга чейин узартылышы мүмкүн.(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июндагы №429, 2014-жылдын 16-июндагы №328 токтомдорунун редакциясына ылайык).Чет өлкөлүк жарандар КР ББИМ тарабынан берилген, билиминин мазмун деңгээлинин ылайыктуулугу жөнүндө маалымкатты тапшырбаса, студенттердин катарына кабыл алынбайт.

5.4. Кирүү сынактары ЖРТнын жыйынтыктары боюнча абитуриенттерди тандоо турларын өткөрүү убагы менен бирге өткөрүлүшү мүмкүн.

5.5. ЖАМУнун кабыл алуу эрежелеринде кирүү сынактарынын сабактардын тизмеси, адистик боюнча (даярдык багыты) профилдик предмет белгиленет.

5.6. Кирүү сынактары (искусство жана дене тарбия адистиктери боюнча сынактарынан башка) жалпы орто билим берүү программалары туура келген программалар боюнча өткөрүлөт.

​​​​​​​​​​​​​​5.7.Документтерди кабыл алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин документтерин кайтарып алган талапкерлер, конкурстан чыгарылат.

5.8.Кирүү сынактарына жүйөлүү себептер менен катышпай калган талапкерлер себебин тастыктаган документин көргөзгөндөн кийин кийинки агымга кирүүгө уруксат берилет.

5.9.Атайын орто жана жогорку билими бар абитуриенттер аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өткөн соң, ЖАМУнун аттестациялык комиссиясы тарабынан академиялык айырмачылыктарына жараша тиешелүү курстарга сунушталышы мүмкүн.

 

6.Кирүү сынактарын өткөрүү эрежелери

6.1.ЖАМУда кирүү сынактары онлайн режиминде, тестирлөө (бланктык же компьютердик), онлайн аңгемелешүү түрүндө өтүшү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар, өзгөчө абал, карантин учурларында билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча онлайн режиминде кирүү экзамендерин өткөрүүгө жол берилет.

6.2.ЖАМУ кирүү сынактарын өткөрүү үчүн ЖАМУнун предметтик комиссиялары тарабынан түзүлгөн тесттик тапшырмаларды, оозеки сынактарды колдонот.

6.3. Бул тесттердеги тапшырмалар жалпы орто билим берүү программаларына ылайык келет. Кирүү сынактарынын тапшырмалары жана алардын ачкычтары кабыл алуу комиссиясынын төрагасында сакталат.

6.4.Кирүү сынактарына абитуриенттер паспорту же өзүн тастыктаган башка документи менен киргизилет.

6.5.Кирүү сынактары башталардын алдында комиссия мүчөлөрүнө сынак өткөрүү эрежелери боюнча (экзамендин узактыгы, өзү менен маалымат сактоо каражаттарын, окуу китептерин, дептер, мобилдик телефон алып кирүүгө болбой тургандыгы боюнча) түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

6.6.Сынактын аягында сынак комиссия мүчөлөрү тарабынан текшерилген (оңдоолордун жоктугу, жооп баракчасындагы белгилердин тактыгы, варианттардын номерлеринин дал келиши ж.б.у.с.) тесттер, жооп баракчасы жана сынак баракчасы жооптуу катчыга тапшырылат.

6.7.Жооптуу катчы жооп баракчасын шифрлейт жана бүткөндөн кийин сынак иштери текшерилип башталат.

6.8.Сынак иштерин текшерүүдө төмөнкү эрежелерди сактоо керек:

 - карандаш менен боёлгон жооптор эсептелбейт;

 - талапкер тарабынан бир эле суроого эки жооп белгиленсе, бул суроо үчүн жооп эсептелбейт;

 - жооп баракчасында сөзсүз түрдө текшерүүчүнүн аты-жөнү жана колу коюлат;

 - жооп баракчасын текшерүү учурунда сынак ишине тиешеси жок кандайдыр жазуулар байкалса, тесттик тапшырма эки сынакчынын катышуусунда текшерилет;

6.9. Кирүү сынактарында бөтөн адамдардын катышуусуна тыюу салынат.

6.10.Талапкерге конкурска катышууга мүмкүнчүлүк берген минималдуу өтмө балл максималдуу мүмкүн болгон баллдын санынын 40%дан кем болбошу керек.

6.11.Окуу акысын төлөө менен жарыяланган орундарга онлайн режиминде тапшырган абитуриенттердин сынактарынын жыйынтыгы сынак тапшырган күндүн эртеси күндүзгү саат 10 до жарыяланат.

6.12. ЖАМУга катталган абитуриенттер сынак иштери алардын өздүк делолоруна тигилет, ал эми өтпөй калгандардын иштери алты ай сакталат, анан жок кылынат.

 

7.Апелляцияларды берүү жана аны кароонун жалпы эрежелери

7.1.Абитуриенттер окууга кирүү же аттестациялык сынактардын жыйынтыгы менен макул болбогон учурда талаш-тартыш комиссиясына арыз берүү укугуна ээ. Ал өзүнүн жазуу иши менен тааныша алат.

7.2.Апелляцияны кароо сынакты кайра тапшыруу болуп эсептелбейт.

Апелляцияны кароо учурунда жооптордун туура экендиги гана текшерилет.

7.3.Апелляция арызы талапкер тарабынан сынактын жыйынтыгы жарыяланган күнү өзү тарабынан жазылып талаш-тартыш комиссиясына берилет, арыз ошол эле күнү каралат.

7.4. Апелляция арызын кароо учурунда абитуриенттер паспорту же өзүн тастыктаган документи менен кирет.

7.5. Ошондой эле эгерде абитуриенттин жашы жете элек (18 жашка чейин) болсо, анда ата-энесинин бирөө кошо кирсе болот.

7.6. Аппеляция каралгандан кийин сынак боюнча аппеляциялык комиссиянын чечими чыгарылат.

7.7. Аппеляциялык комиссияда карама-каршы пикирлер жаралган учурда добушка берүү жүргүзүлөт жана чечим көпчүлүк добуш менен бекитилет. Аппеляция комиссиясынын чечими жөнүндөгү протокол абитуриентке жазуу жүзүндө берилет (кол койдуруу менен).

 

8.Кабыл алуу

8.1.Абитуриенттерди ЖРТнын натыйжасы боюнча студенттик катарга кабыл алуу орто билими жөнүндө документтин түп нускасы же дубликатынын негизинде кабыл алынат.

ЖРТнын жыйынтыгы боюнча “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна онлайн кабыл алуу" АМС аркылуу төмөнкү документтерди электрондук түрдө тапшыргандан кийин, абитуриенттерди студенттеринин катарына кабыл алууга уруксат берилет:

- паспорту же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

- ЖРТ сертификатынын түп нускасы;

- жалпы орто билими жөнүндө аттестатынын, орто кесиптик билими жөнүндө дипломунун түп нускасы же анын көчүрмөсү;

- аскердик билет же аскердик каттоо күбөлүгү;

Абитуриент окуу жылынын башталышында документтердин түп нускаларын жана тиешелүү сүрөттөр санын университеттин кабыл алуу комиссиясына тапшырышы керек.

8.2.Абитуриенттерди ЖРТнын натыйжасы боюнча студенттик катарга кабыл алуу тестирлөөнүн натыйжалары жөнүндө сертификаттын түп нускасы болсо жүргүзүлөт. Кабыл алуу комиссиясына керектүү документтерди тапшыруу жолу менен ЖАМУга окууга өз каалоосун ырастаган абитуриенттердин ЖРТ жыйынтыктары эсепке киргизүүгө чейин Көз карандысыз тест кызматы тарабынан ырасталууга тийиш.

8.3.Абитуриенттерди жождун баардык бөлүмдөрүнө студенттеринин катарына кабыл алуу алардын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан окутуунун акы төлөө келишиминин негизинде 31-августка чейин жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандардын ичинен абитуриенттерди эсепке киргизүү мөөнөтү 15-октябрга чейин узартылышы мүмкүн.

8.4.Оңдуу баага ылайык балл алган төмөнкү абитуриенттер окутуунун акы төлөө келишиминин негизинде конкурстан сырткары кабыл алынат:

- тоголок жетим жана кароосуз калган балдар (ошол жылдын 1-октябрына чейин 18 жашка чыга электер);

- дарыгер-эмгектик эксперттик комиссиянын чечими менен аныкталган кесип жана багыт боюнча адистик алууга тыюу салынбаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;

- эл аралык жана республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү (ошол жылы 1-3-орунду алгандар), эгерде тандалып алынган кесип же багыт боюнча олимпиадалык предмет негизги болсо.

8.5.Олимпиадалык оюндардын, дүйнөлүк чемпионаттын жана Азиялык оюндардын чемпиондору жана призерлору мамлекеттик жана муниципалдык жождорго дене тарбия жана спорт тармагындагы даярдык багыттары (бакалавр, магистратура) жана адистиктер боюнча кирүү сынактарсыз (сынактарсыз, тестирлөөсүз жана аңгемелешүүсүз) кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамдары бар спортсмендер, мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн адамга, "Кыргызтест" системасын эске алуу менен мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик тилге ээ болгон деңгээли жөнүндө мамлекеттик сертификаты бар адамга, жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына тапшырууда артыкчылыктуу укуктардан пайдаланышат.

8.7.Кирүү сынактарына негизсиз себептер менен катышпагандар же канааттандыраарлык баа ала албай калган катышуучулар конкурска катыша алышпайт жана жожго кабыл алынбайт.

8.8.Гранттык орундарга жана окутуунун акы төлөө келишиминин негизинде окуу бөлүмдөрүнө конкурстун жыйынтыгы боюнча кабыл алынгандыгы тууралуу буйрук баллдарын көрсөтүү менен жождун сайтына же жождун маалымат тактайына жарыяланат.

8.9.КР ББИМи тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө абитуриентти конкурстук негизде мыйзамсыз кабыл алуу фактысы, анын ичинде ЖРТнын жыйынтыгы тууралуу тастыкталбаган маалыматты берген учурда студент бекитилген тартипте окуудан четтетилет.

 

9. Маалыматтарды берүү жана текшерүү​​​​​​​

9.1. ЖАМУ КР ББИМне кабыл алуунун жыйынтыктары жөнүндө төмөнкү маалыматтарды берет:

- бюджеттик негизде кабыл алынгандар – 15- сентябрга чейин;

- келишимдик (акы төлөө) негизде кабыл алынгандар – 15-октябрга чейин.

9.2.ЖАМУнун кабыл алуу комиссиясынын ишин көзөмөлдөө КР ББИМги тарабынан жүргүзүлөт

 

Кабыл алуу комиссиясынын    жооптуу катчысы: Сталбек Куваков