korp


AVN






Молодежный комитет

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаштар комитетинин төрагасы

Адилет Усенов  

Дареги: 715600, Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад ш., Ленин көч. 57,  Жалал-Абад мамлекеттик университети

Телефон: +996 779 28 21 96

Сайт: http:// jagu.kg

E_mail: jagu@jagu.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин “КРнын мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүү” жөнүндөгү указынын, Кыргыз Республикасынын билим жана маданият министрлигинин 2002-жылдын 5-апрелиндеги №156 буйругунун негизинде Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Жаштар комитети түзүлгөн. Жаштар комитети КРнын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамына, “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү” мыйзамына, ЖАМУнун уставына, нормативдик укуктук актыларга таянып иш жүргүзөт. Мамлекеттик жаштар саясатын өз компетенциясынын чегинде жүзөгө ашыруучу окуу жайдагы структуралык түзүм болуп эсептелет. ЖАМУда бул боюнча атайын бир жумушчу орун тузулуп (төрага), ар бир факультеттен бирден спикер дайындалып, алар жаштар саясатын ишке ашырууга, студенттердин ар тараптан өнүктүрүүсүнө көмөктөшүп, башка окуу жайдын жаштары менен байланыштарды түзүп, алар менен тыгыз иш алып барууга, социалдык-маданий иш-чараларды ырааттуу өткөрүүгө багыт алышкан.

ЖАМУнун Жаштар комитетинин курамы 7 спикер, 6 сектор башчылары жана 3 клуб жетектөөчүлөрү, 7 ыктыярдуу мүчөлөрдөн турат. Факультеттердин жана колледждердин спикерлерлери өз тармактарында команда түзүшүп активдүү иш жүргүзүшөт. Окуудан сырткары студенттердин бош убактысын бекер өткөрбөө максатында, окуу жана илим, маданият, тегерек стол жана дебат, социалдык иштер, спорт, массалык-маалымат  секторлору түрдүү иш-чараларды уюштурушуп өткөрүп келишет. “Даанышман” интеллектуалдык клубу, “Учкун” адабий клубу, “Брут” дебат клубдары, “JASU stars” тамашоу курама командасы жана ар бир факультеттин, колледждин командалары университеттин жаштарынын башын бириктирип кызыктуу жана активдүү иш алып барышат. 

Жаштар комитети университеттин ичиндеги иш-чаралар менен гана чектелбестен,   шаардык, областтык, республикалык деңгээлдердеги бардык иш-чаралардын активдүү катышуучулары жана мыктылардын катарында башкы орундарды багындырышып ардак грамота , дипломдордун ээлери болушууда.   

Түзулгөндөн баштап 16 жыл аралыгында Жаштар комитетин төрагалык кызмат ордуна 7 адам башкарып өткөн, алар: 

  1. 2002-2005-окуу жылдар аралыгында жаштар комитетинин алгачкы төрагалык кызматын маалыматтардын жаңы технологиясы факультетинин студенти К.Токтобаев;

  2. 2006-2008-окуу жылдарында кыргыз филологиясы жана маданияты факультетинин студенти З.Шермаматов;

  3. 2008-2009-окуу жылында эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк тилдер филологиясы факультетинин студенти Б.Төлөбаев;

  4. 2009-2010-окуу жылында кыргыз филологиясы жана маданияты факультетинин студенти Ж.Назаров;

  5. 2010-2011-окуу жылында кайрадан кыргыз филологиясы жана маданияты факультетинин студенти З.Шермаматов;

  6. 2011-2014-окуу жылында экономика жана ишкердик факультетинин студенти Э.Кокоманов;

  7. 2014-2015окуу жылында гуманитардык-экономикалык факультетинин студенти Б.Токтоноев;

  8. 2015-2017-окуу жылында филология факультетинин студенти С.Сарпашев;

  9. 2017-окуу жылынын сентябрь айынан баштап педагогика жана маалымат-технологиялар факультетинин студенти Адилет Усенов жетектеп келүүдө.