AVN







Воспитательная деятельность ЖАГУ

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин социалдык иштер жана

мамлекеттик тил боюнча проректору Доранова Айгуль Дадажановна

Дареги: 715600, Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад ш., Ленин көч. 57

Телефон: +996  779 57 20 20

Сайт: http:// jagu.kg

E_mail:  dadajanovna.a @ gmail.com

ЖАМУда тарбиялык иштер  окуунун бардык тепкичтеринде жүргүзүлөт, анын негизги максаты – ааламдашуу алкагындагы заманбап жашоонун жана рыноктук шартта  зарылдыгы бар, талапка жооп берген, конкуренцияга туруштук бере алган, сапаттуу жана татыктуу орто жана жогорку билимдүү кесипкөй адисти, Кыргыз элинин улуттук маданий баалуулуктарын,  адат-салтын, нарк-насилдерин барктап карманган, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө зор салымын кошкон мекенчил жаранды   жана инсанды тарбиялап даярдоо.  Студенттин келечектеги жашоосунда жакшы, сак-саламаттуу багытты тандоого, адамдык абийирдүүлүктү, адилеттүүлүктү, адеп-ыймандык бийик сапаттарды, акыл-эстүү, аң-сезимдүү ой жүгүртүү аркылуу дүйнөтаанымын калыптандыруу менен бирге, учурдагы ааламдашкан шартта өз ордун таап кетүүгө көмөктөшүү да тарбиялык иштин негизи максаты болуп эсептелет.  

Тарбия – бул, аң-сезимдүү, акыл-эстүү, дүйнөтаанымы жана  дүйнөтүшүнүгү кенен, адептүү, жөндөмдүү, шыктуу, талапкер, баалуу, кызыктуу, багыттуу, мотивдүү, жашоо планы бар, баалоо баркын биле алган сыяктуу сапаттарды өзүнө камтый турган инсанды калыптандырууну максат кылып койгон процесс.

ЖАМУнун тарбиялык иши жалпы окуу процессинин бир бөлүгү болуп эсептелинет жана тарбиялык иштин максаты жана милдеттери төмөнкү пункттардын негизинде ишке ашат:

  • билим берүү процессинде;
  • окуу процессинде;
  • окуудан сырткары;

Тарбиялоонун ыкмасы тарбия берүү системасындагы субъекттин объектке  жана тарбиялоо чөйрөсүнө таасир берүүсүн өзүнө камтыйт.  Алардын алгачкыларына төмөнкүлөрдү:

  • Акдивдүү кадамдарга жетектөөчү ыкмалар (стимулдаштыруу, алкыш айтуу жана сыйлоо, социалдык маанилүүлүктү жогорулатуу, оң жана позитивдүүлүктүн күчү, ж.б.);
  • Талап кылып аткарта турган ыкмалар – мыйзамдар,  нормативдик талаптар, объект менен субъекттин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу тарбия (окуу жай менен студенттин ортосунда), буйруктар, буйрутмалар, көрсөтмөлөр;

Ынандыруу ыкмасы –  муктаждыктар аркылуу кыймыл-аракетинин мотивдешүүсүнө негизделген. Аларга жумушун сапаттуу, өз учурунда жана оптималдуу варианттарды колдонуп (окууда жана жашоодо жогорку жетишкендиктерди көрсөткөн) аткаргандыгы үчүн моралдык жана материалдык стимулдаштыруу ыкмасы кирет.