AVN







Стимулы для студентов ЖАГУ

КРнын 2003-ж.30.04. №92 “Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын, укуктук нормативдик актыларынын, КРнын билим-илим жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан бекитилген (№709/1. 27.10.2005) «КРнын ЖОЖдорунун, атайын кесиптик билим берүүчү орто окуу жайларынын студенттерине окуу төлөмдөрүнөн жеңилдик берүү боюнча бирдиктүү мамиле жөнүндөгү» көрсөтмөсүнө, КРнын 9.01.2005-ж №6 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден-соолугун коргоо” жөнүндөгү мыйзамына таянып жана ЖАМУнун уставынын 3.10. пунктунуна ылайык Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин күндүзгү бөлүмдөрүндө окуган студенттерге окуу төлөмдөрүнөн жеңилдик берүү жөнүндө жобонун негизинде, жеңилдик алууга муктаж (документтери туура келген шартта) студенттер окуу акысынан төмөндөгүдөй тартипте бошотулат.

Жеңилдиктин түрү

Жеңилдиктин  пайызы

 

Социалдык женилдик (Социалдык компенсация катары)

 

1

Тоголок жетим жана ата-энесинен кароосуз калган жаш курагы 23 жашка чейинки студенттер

100%

2

Биринчи жана экинчи топтогу майып жана ден соолугу, мүмкүнчүлүгү чектелген бала (ДМЧА) (18 жашка чейинки) студенттер

50%

3

КРнын территориясындагы согуштук-аскердик иштерге катышкан студенттер

25%

4

Өзгөчө иретинде кечиктирилгис жардам керек студенттер:

Иш учурунда каза болгон университеттин кызматкерлеринин балдары (студент);

КРнын территориясында болгон окуяларда каза болгон, майып болгондордун (I жана II топтогу) балдары (студент);

Ата-энесинин бири өтүп кеткен, экинчиси I жана II топтогу майыптардын балдары;

25%

 

Мотивациялык жеңилдик

 

1

“Эң жакшы” деген бааларга окуп, республикалык, эл аралык предметтик олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болгон студенттер

25%

2

ЖАМУну спорт жаатында даңазалаган спортсмендер

  • Азия, дүйнөлүк чемпионаттарда жана олимпиадада, дүйнөлүк универсиадаларда олимпиадалык оюндардын түрлөрү боюнча чемпион болушкан студенттер

100% га чейин

 

Толугураак маалымат алуу үчүн http://jagu.kg сайтындагы “Жалал-Абад мамлекеттик университенин күндүзгү окуу бөлүмдөрүндө окуган студенттерге окуу төлөмдөрүнөн жеңилдик берүү жөнүндө жобону караңыздар.