AVN







Отдел качества образования

Билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн башчысы

Техника илимдеринин кандидаты

Маматова Гульшаир Тыныбековна

Дареги:  Жалал-Абад ш, Ленин  көчөсү, 57

Телефон: (0772) 26 01 42 (03722) 2 08 91

E_mail:  admin@jagu.kg

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин билим берүүнүн сапаты бөлүмү окуу жайдын билим сапатын жөнгө салуу саясатын ишке ашыруу ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ЖАМУнун структуралык түзүмү болуп эсептелет.

Билим берүүнүн сапаты башкармалыгы 2003-жылы түзүлгөн. Алгач башкармалыкты 2003-2004-жылдары техника илимдеринин кандидаты, доцент Исмаилов Таалай жетектеген. Жаңыдан уюшулган бөлүмдө көп жылдар боюу Г.А.Паничева, К.Саркаров үзүрлүү эмгектенишкен.

2004-жылдын 15-апрелинен 2005-жылдын 22-августуна чейин техника илимдеринин кандидаты, доцент Алибаев Атабек Пахырович башкарган. Ал эми 2005-жылдын 30-августунан 2007-жылдын 1-сентябрына чейин айыл-чарба илимдеринин кандидаты, доцент Сатканкулов Эргешалы Сатканкулович башкармалыкты жетектейт. 2007-жылдын 30-августунан 2009-жылдын 27-мартына чейин айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент Орозбаев Болотбек Суюналиевич башкармалыкта башчы катары үзүрлүү эмгектенген. Ушул жылдары филология илимдеринин кандидаты, доцент Д.М.Чокоева, кийинчерээк Н.Ж.Айтикеев бөлүмдүн ишин алга жылдырууда чон салымдарын кошушкан.

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү мыйзамынын”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндөгү” 2015-жылдын 20-ноябрындагы №788 токтомунун жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечиминин жана ректордун 2015-жылдын 15-декабрындагы №361 буйругунун негизинде билим берүүнүн сапаты бөлүмү окуу-инспекциялык башкармалыктан бөлүнүп өз алдынча структуралык түзүм катары 2016-жылдын 1-январынан бери иштеп келе жатат.

Билим берүүнүн сапаты бөлүмүн философия илимдеринин доктору Токоева Гулдана Самидиновна 2021-жылдын 1-сентябрына чейин жетектеп келди. 2021-жылдын 1-сентябрынан баштап техника илимдеринин кандидаты

Маматова Гульшаир Тыныбековна дайындалды.

Бөлүм ЖАМУнун структуралык түзүмдөрүндө билим сапатын жогорулатуу боюнча пландаштырылган иштерди көзөмөлдөйт жана студенттердин билим сапатын жогорулатуу боюнча иштерге жетекчилик кылуу менен сунуштарды берип келүүдө. Билим берүү программаларынын окуу-усулдук жактан камсыздалышына, материалдык-техникалык жактан жабдылышына жана башка материалдарга экспертиза жасоого активдүү катышып, уюштуруучу жетекчи катары үзүрлүү эмгектенүүдө. ЖАМУдагы нормативдик-укуктук иш кагаздарынын жүргүзүлүшүнө, ички жоболордун иштелип чыгышына активдүү катышат жана структуралык түзүмдөр тарабынан колдонулушуна көзөмөл жүргүзүп келүүдө.

Бөлүмдө методист болуп иштеген Айтикеев Нурланбек Жолдошбекович 2012-жылдан бери билим берүү программалары боюнча лицензиялык талаптардын сакталышы, билим сапатын жогорулатуу багытында эмгектенип, усулдук жактан жардам көрсөтүү иш-чараларын иштеп чыгууга активдүү катышат. Билим берүү стандартына ылайык, окуу пландарынын, билим берүү программаларынын иштелип чыгышына окуу-усулдук атайын көрсөтмөлөрдү иштеп чыгып, практикалык сунуштамаларды берип келет. Факультеттердеги, колледждердеги жана кафедралардагы жаңы билим берүүчү программаларга лицензия алууга даярдануу боюнча жалпы жетекчилик кылуу жана экспертиза жүргүзүүгө активдүү катышат. Билим берүү программаларынын аккердитациядан өтүүсү боюнча факультеттердин, колледждердин, кафедралардын ишмердүүлүгүн координациялоо менен активдүү кесипкөй адис катары кадыр баркка ээ болуп келүүдө.

Билим берүүнүн сапаты бөлүмү өз ишмердүүлүгүн КРнын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын, Жогорку окуу жайлары жөнүндөгү жобосунун, ЖАМУнун уставынын, билим берүүнүн сапаты бөлүмү жөнүндөгү жобонун негизинде иш жүргүзөт.

Билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн негизги максаты катары университеттеги билим берүү сапатын башкаруу системасын уюштуруу, ишке ашыруу, өнүктүрүү жана жалпы университеттик билим берүү сапатын жогорулатуу саясатын өркүндөтүү болуп саналат. Окуу жайдагы билим берүүнүн сапатына дайыма таасир этүүчү башкаруу системасын түзүү жана өркүндөтүү, билим берүү процессинин сапатынын динамикасына экспертиза жасоо, билим берүүнүн сапатын башкаруу системасынын иш кагаздарын, нормативдик-укуктук, усулдук материалдардын иштелмелерин иштеп чыгуу жана ички университеттик билим сапатына мониторинг жүргүзүү; окуу процессин камсыз кылуучу окуу пландарына, окуу китептерине, окуу-усулдук колдонмолорго, кадрдык жактан камсыздалышына, материалдык-техникалык жактан жабдылышына жана башка материалдарга экспертиза жүргүзүү; билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында сапат менеджмент системасын калыптандырууда факультеттердин, колледждердин, кафедралардын ишмердүүлүгүн координациялоо; жаңыдан ачылып жаткан билим берүү програмаларына лицензия алуу жана иш жүзүнө ашырылып жактан билим берүү програмаларын аккредитациялоо боюнча процедуралык иштерди координациялоо; университеттин сапаттуу билим берүү системасынын ишмердүүлүгүнө ички баа берүү механизмин өркүндөтүү бөлүмдүн негизги милдеттеринен болуп саналат.

Бөлүм ЖАМУнун сапат менеджменти системасын өнүктүрүү саясатын жүргүзүү боюнча иштерди аткарат. Билим берүүнүн сапатын башкаруу саясаты университеттин миссиясын жана максаттарын эске алуу менен келечектеги өнүгүү перспективасын аныктайт жана ишке ашырат. Керектөөчүлөрдүн талаптарын эске алуу менен университеттин жетекчилиги билим берүү кызматтарын көрсөтүүнү камсыз кылат жана бөлүм аркылуу пландаштырылган иш-чаралардын аткарылышы, натыйжалары, билим сапатын жогорулатуунун механизмдери талданат.

Билим берүүнүн сапаты бөлүмү билим берүү программалары боюнча лицензияларды алуу жана алардын ишке ашышы боюнча координация кылат. 2016-жылы жогорку билим берүү боюнча 2 адистикке жана 3 багытка орто кесиптик билим берүү программасы боюнча 2 адистикке Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2016-жылдын 20-майындагы №687/1 буйругу менен лицензия алынган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2016-жылдын 21-июнундагы №952/1 буйругу менен 28 жогорку кесиптик билим берүү программасына лицензия алынган.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2017-жылдын 10-февралындагы №164/1 буйругуна ылайык 2017-жылы жогорку билим берүү программасы боюнча 20 багыт жана 1 адистикке, орто кесиптик билим берүү программалары боюнча 2 адистикке лицензия алынган.

Билим берүүнүн сапаты бөлүмү билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көмөктөшүү, билим берүү программаларынын көз карандысыз аккредитациялоо талаптарына шайкеш келүүсүн жана көз карандысыз баа берүү механизмдерин үйрөнүү боюнча координациялайт. Ушул багытта 2016-2017-жылдары бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Алсак, 2016-жылы жогорку билим берүү программалары боюнча 14 адистикке, бакалавр даражасы боюнча 19 багыт аккредитациядан (аттестациядан) өткөн (Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин 2016-жылдын 28-мартындагы №378/1 буйругу). Ал эми орто кесиптик билим берүү программасы боюнча 10 адистик Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин 2016-жылдын 28-марттагы №379/1 буйругуна ылайык аккредитациядан (аттестациядан) өткөн.

2017-жылы бакалавр даражасы боюнча 3 билим берүү программасы аккредитациядан өттү (№ YU180000031, каттоо номери №031, Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин 2017-жылдын 27-декабрындагы №3/004 буйругу).

2018-жылы Жалал-Абад колледжинин он программасы аккредитациядан өттү жана 5 жылга ишмердүүлүгүн улантуу укугуна ээ болду. Аймактык билим берүү мекемелери да аккредитациядан ийгиликтүү өтүп жатышат.

Кочкор-Ата колледжинин 10 билим берүү программасы, Майлуу-Суу колледжинин 4 программасы, Кара-Көл колледжинин 4 программасы, Аксы колледжинин 5 программасы аккредитациядан өттү.

Бүгүнкү күндө ЖАМУда жогорку кесиптик билим берүү боюнча 3 адистик, бакалавр даражасы боюнча 26 багыт (45 профиль), орто кесиптик билим берүү боюнча 33 адистик боюнча даярдалууда.

Бөлүм тарабынан билим берүү программаларына ички баалоо процедурасы үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Билим берүү кызматынын мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына, көз каранды эмес аккредитациялоонун талаптарына жана критерийлерине дал келүүсүн талдоо максатында өзүн өзү баалоо жүргүзүлөт.

Жалал-Абад мамлекеттик университети билим берүү мейкиндигинде өзүн өзү көрсөтүү саясатын рейтинг аркылуу жүргүзөт. ЖАМУда жүргүзүлгөн рейтинг билим сапатын баалоонун объективдүүлүгүн камсыздоо механизмдерин үзгүлтүксүз жакшыртуу, глобалдуу жана улуттук рейтинг технологиясын үйрөнүү максатында ишке ашырылып жатат. Билим берүү программаларына рейтинг жүргүзүү аркылуу ЖАМУ тууралуу иш берүүчүлөрдүн, ата-энелердин, абитуриенттердин жалпы эле коомчулуктун оң пикирин жаратуу бөлүмдүн ишмердүүлүгүнүн багыттарынын бири. Анткени рейтинг жүргүзүү – бул алдыга жылуунун, университеттин өнүгүүсүнүн, позитивдүү башкаруунун маанилүү рычагы.