AVN







Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча талапкерлерди тандоо жана каттоо тууралуу гранттык комиссиянын ЖОБОСУ.

Бул жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы №404-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына мамлекеттик билим берүү гранттары үчүн студенттердин окуусу тууралуу Жобосуна”  жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы №256 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү мекемелерине мамлекеттик билим берүү гранттарынын жыйынтыгы боюнча кабыл алуу жана тандоо жөнүндөгү” жобосуна жана КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомунун негизине ылайык жана ЖАМУнун уставынын негизинде иштелип чыкты.
Жалпы жоболор
Бул жобо ЖАМУга жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча мамлекеттик билим берүү грантына (грант) далалаттанган талапкерлерди тандоону жана каттоону жөнгө салат.
   
Сертификаттын айрылма талондорун жыйноо
КРнын билим берүү жана илим министрлиги (ББИМ) тарабынан белгиленген мөөнөттө, ЖАМУнун гранттык комиссиясы быйылкы жылдын ЖРТ жыйынтыгы боюнча талапкерлерди тандайт жана каттайт. Гранттык конкурска катышуу үчүн талапкердин негизги тесттен алган баллы, ББИМ тарабынан аныкталган чектөө (пороговый) баллына барабар же андан өйдө болууга тийиш. ЖОЖго кабыл алуу жана грант алуу конкурсунда негизги жана предметтик тесттердин баллынын суммасы менен конкурска катышкан, негизги жана тийиштүү предметтик тест боюнча өтүү баллына тең же андан жогору балл топтогон абитуриенттер окууга өтүүдө артыкчылыктуу укукка ээ болушат. Эгерде конкурска предметтик тесттин жыйынтыктары менен абитуриенттердин саны жетишсиз болсо, гранттык комиссия абитуриенттерди (медициналык жана фармацевттик адистиктерди кошпогондо) негизги тесттин жыйынтыктары боюнча окууга кабыл алууну сунуштайт.

 

Талапкерлердин сертификаттарынын айрылма талондорун жыйноо үчүн грант бөлүнгөн факультеттердин ар бирине өзүнчө сыртында факультети көрсөтүлгөн, печатталган урна берилет.
Белгиленген мөөнөт ичинде, талапкерлерди конкурска катыштыруу үчүн алардын талондогу жеке номерлери талапкер тандаган адистик боюнча атайын журналга катталат. Андан кийин талонго адистик жазылып, ал талапкер же анын ишенимдүү адамы тарабынан печатталган урнага ташталат.

 

Ар бир турда талапкер өзү каалаган факультеттин мөөр басылган кутусуна сертификаттын айрыма талонун салуу жолу менен бир ЖОЖду тандоого укуктуу. Айрыма талонду берүүдө милдеттүү түрдө сертификаттын түп нускасы көрсөтүлөт
Грантка далалаттанган талапкер биринчи турда каалаган ЖАМУдагы каалаган эки адистикке 2 айрылма талонду тиешелүү печатталган урнага таштоого акылуу. Экинчи турда талапкер сертификаттын 1 айрылма талонун пайдаланууга акылуу.

 

ЖАМУга талапкерлерди каттоо журналы ар бир адистикке өзүнчө толтурулат жана төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
    • талапкерлердин жеке номери;
    • негизги жана кошумча предметтик тесттеги баллдардын саны;
    • талапкер каалаган адистик жана факультет;
    • каттоо убактысы;
    • талапкердин кол тамгасы;
    • эскертүү графасы

 

Жеңилдикке (льгота) ээ болуучу талапкерлер талондорун каттатып жаткан учурда тиешелүү документтерин (ата-энесинин өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктөр, ВТЭК корутундусу, аскердик билет ж.б.) көрсөтүшөт.
 

Каттоо журналындагы маалыматтар боюнча гранттык комиссия ар бир күндүн аягында маалыматтык дубалга төмөнкүлөрдү илишет:
    • талапкерлердин жеке номери жана алардын алган баллдарынын саны көрсөтүлгөн, ар бир категория боюнча өзүнчө тизилген талапкерлердин тизмеси;
    • ошол күн үчүн тиркеменин Инструкциясында көрсөтүлгөн категориялар ортосундагы пайыздык (%) катыш жана алар боюнча гранттык орунду пайыздык бөлүштүрүү маалыматы.

 

Сертификаттардын айрылма талондорун жыйноо 2,5 күнгө созулат.

ЖАМУга талапкерлерди тандоо жана каттоо механизми.

ЖАМУга талапкерлерди тандоо жана каттоо эки тур менен жүргүзүлөт. Улам кийинки тур гранттык орундар толбой калганда жүргүзүлөт, үчүнчү тур болсо КР ББИМ тарабынан уруксат берилгенден кийин гана жүргүзүлөт. Экинчи жана үчүнчү турга чейинки вакансия жөнүндөгү маалыматтар дубалга илинип турат. Тандоо жана каттоо эрежелери бардык турларда бирдей болот.
Талапкерлердин сертификаттарынын айрылма талондорун жыйноо аларды каттоонун үчүнчү күнүндө саат 14:00дө токтойт.
 Печатталган урналар ЖАМУнун гранттык комиссиясынын бардык мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда ачылат. Гранттык комиссия мүчөлөрү алынган айрылма талондорду эсептеп, алардын саны жөнүндө протокол түзүшөт жана бардыгы кол коюшат.
ЖАМУнун гранттык комиссиясы тиркеменин Инструкциясында көрсөтүлгөн категориялар боюнча ар бир адистикке конкурска катышып жаткан талапкерлердин социалдык категорияларынын пайыздык катышын эсептейт жана алар боюнча мамлекеттик грантты бөлүштүрөт.
Каттоодон эң жогорку жана көбүрөөк балл алган талапкерлер өтүүгө тийиш. Тандоонун жыйынтыгы боюнча гранттык комиссия каттоого сунуш кылынган талапкерлердин тизмесин түзүшөт жана ага комиссия мүчөлөрүнүн бардыгы кол коюшат.
Кошумча предметтик тесттерден өтүүнү талап кылган адистиктерге катталуу конкурсуна жана грант алууга негизги жана кошумча тесттерден алган баллдары КР ББИМ тарабынан аныкталган чектөө баллына барабар же андан өйдө болгон гана талапкерлер катыша алышат. Бул адистиктерге конкурс негизги жана кошумча предметтик тесттердин баллдарынын суммасы боюнча жүргүзүлөт. Эгерде бул сумма эки же андан көп талапкерлерде болуп калса, анда кимисинде предметтик тесттин баллы жогору болсо, приоритет (басымдуулук) ошол талапкерге берилет.
Катталууга сунуш кылынган талапкерлердин тизмеси эртеси саат 10:00гө чейин дубалга илинет.
Катталууга сунуш кылынган талапкерлер 3күндүн ичинде кабыл алуу комиссиясына төмөнкү документтерди алып келүүгө тийиш:
    • паспорту же туулгандыгы тууралуу күбөлүк (паспорт ала элек болсо);
    • ЖРТ сертификатынын түп нускасы;
    • орто билим жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документтин түп нускасы же анын дубликаты;
    • 086/у формадагы медициналык тактама;
    • аскердик билет же аскерге каттоо күбөлүгү;
    • 3х4см өлчөмүндө 6 даана сүрөт.

ЖАМУда окууну каалаган талапкерлердин тизмесине ЖАМУнун гранттык комиссиясынын төрагасы кол коюш үчүн, ал тизме каттоонун бардык турлары аяктагандан кийин, талапкерлердин алган баллдарынын чындыгын тастыктоо максатында Көз карандысыз тестирлөө кызматына (КТК) жөнөтүлөт. КТК тарабынан тастыктоо 2 күндө берилет.
КТК тарабынан тастыкталган тизме талапкерлерди студенттикке каттоо жөнүндө буйрук даярдоо үчүн  ЖАМУнун администрациясына берилет жана маалымат дубалына илинет.
ЖАМУнун гранттык комиссиясы гранттар боюнча окутууга каттоонун жыйынтык эсеп-кысабын (отчетун) КР ББИМине 15-сентябрга чейин берет.

Талапкерлерди максаттуу кабыл алууну уюштуруу

ЖАМУ жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан адистерди максаттуу даярдоого арыздарды алып, КР ББИМ менен макулдашып, бекитилген гранттык кабыл алуу планынын чегинде, адистиктер боюнча максаттуу даярдоого бөлүнгөн орундардын саны тууралуу чечим кабыл алат.
 Алынган чечим жөнүндө ЖАМУ жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына кабарлайт жана алар менен конкурстук негизде максаттуу кабыл алуу боюнча келишимдерди түзүшөт (жок дегенде экиден адам).
Ар бир адистикке максаттуу кабыл алуу боюнча орундардын саны документтерди алуу башталганга чейин бир ай мурун белгилүү болот жана сөзсүз коомчулукка маалымдалат.
Максаттуу орун саны документтерди кабыл алууда, тандоо турлары өткөрүлгөндө жана каттоо учурунда көбөйтүлбөйт.
Максаттуу орундарга быйылкы жылы ЖРТга катышкан жана чектөө баллынан өйдө балл алган, ошондой эле жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан жолдомо алып келген талапкерлер катыша алышат. Талапкерлердин бул категориясы үчүн КР ББИМ өзүнчө чектөө баллын коюп бере алат. Каттоого көбүрөөк балл алган талапкерлер сунушталат.
Максаттуу орунга кабыл алынган студентти кийин сөзсүз жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органына тиешелүү территорияга жумушка чегерүү жөнүндө студент, ЖАМУ жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын ортосунда үч тараптуу келишим түзүлөт.
Эгерде ЖАМУ менен келишим түзгөн тараптар максаттуу орундарга багытталган конкурсту камсыздай алышпаса, анда гранттык комиссия аларга бөлүнгөн орунду азайтууга милдеттүү жана бул жөнүндө министрликке жана максаттуу орундарга кабыл алынуучуларга кабарлашат. Максаттуу кабыл алуунун бардык процедуралары гранттык комиссиянын протоколдору менен ишке ашырылат.
Максаттуу орундарга конкурстан өтпөй калгандар окутуунун каалаган формасына жалпы конкурстук негизде катыша алышат.
Тандоонун жана кабыл алуунун үчүнчү турунан кийин да толбой калган максаттуу орундар, жалпы конкурска катышып жаткандарга ыйгарылат.

Жыйынтыктоочу жоболор

ЖАМУнун гранттык комиссиясы тарабынан талапкерлерди тандоо жана каттоо боюнча процедуралар бузулган учурда, талапкер же байкоочу КР ББИМне арыз менен кайрылууга укуктуу. Региондордо арыздар менен КР ББИМнин регионалдык структураларына кайрылышат. КР ББИМ өкүлдөрү келип түшкөн арызды тез жана көз карандысыз карашат. Арызды кароонун жыйынтыгы жазуу жүзүндө 3 күндүн ичинде арыз берүүчүгө жеткирилет.

Талапкерлердин категориялары жана алар боюнча мамлекеттик билим берүү гранттарын пайыздык бөлүштүрүүнүн
КӨРСӨТМӨСҮ

Грант алууга далалаттанган талапкерлер (конкурстан тышкары студенттикке катталууга укуктуу талапкерлерден башкасы) төмөнкү категорияларга бөлүнүшөт:
Бишкек шаарынан орто жана кесиптик орто окуу жайларын бүтүргөн талапкерлер;
Областтык борборлордон (Ош ш., Жалал-Абад ш., Нарын ш., Баткен ш., Каракол ш., Талас ш.) жана кичи шаарлардан (Балыкчы ш., Чолпон-Ата ш., Кара-Балта ш., Чүй – Токмок ш., Кант ш., Кара-Көл ш., Кара-Суу ш., Кызыл-Кыя ш., Майлуу-Суу ш., Сүлүктү ш., Өзгөн ш., Исфана ш., Көк-Жаңгак ш., штп. Миңкуш, Таш-Көмүр ш., Шопоков ш., Токтогул ш.) орто жана кесиптик орто окуу жайларын бүтүргөн талапкерлер;
Айылдык мектептерди бүтүргөн талапкерлер;
Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу аймактарында жайгашкан орто окуу жайларды бүтүргөн талапкерлер;
Максаттуу орундардын конкурсуна катышуучу талапкерлер;
Жеңилдетилген шарттагы талапкерлер (I-II тайпадагы майыптар, согуштун катышуучулары жана майыптары, жетим-майып балдар, ата-энесинен кароосуз калгандар, аскер кызмат мөөнөтүн өтөп бошотулгандар жана запастагы аскер кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын спорт чеберлери, Кыргыз Республикасындагы эл аралык класстагы спорт чеберлери.
Максаттуу орундун конкурсуна катышкан талапкерлердин категориясынан башка категориядагы талапкерлердин (жеңилдетилген шарттагы) % дык катышы - ар бир турда сертификаттын айрылма талондорун жыйноо аяктагандан кийин, ар бир адистик үчүн – ЖАМУнун кабыл алуу комиссиясы төмөнкү формула аркылуу эсептеп чыгарат:

                                                              Nк
Социалдык категория үлүшү        = -------------- * кабыл алуунун планы
                                                              Nжалпы
Nк – тиешелүү категориядагы талапкерлер саны
N жалпы – конкурска катышуучу талапкерлердин жалпы саны

 

Кабыл алуу комиссиясынын 
жооптуу катчысы:                                    С. Куваков