AVN







Кодекс этики

ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАРЫНЫН, КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЖАНА СТУДЕНТТЕРИНИН ЖҮРҮМ-ТУРУМДАРЫНЫН

ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИ

 

  Этический кодекс ЖАГУ им.Б.Осмонова 

 

1. КОДЕКСТИН МАКСАТЫ ЖАНА МАСЕЛЕЛЕРИ

1.1 Жүрүм-турумдардын этикалык кодексинин (мындан ары - Кодекс) максаты, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде (мындан ары - университет) эмгектенип жаткан окутуучулардын, кызматкерлеринин жана окуп жаткан студенттердин жүрум-турум нормаларын жана эрежелеринин жыйнагын түзүү. Кодекстин жардамы менен биргеликтеги ишмердүүлүктө жана мамилелешүүдө, бирдиктүү белгиленген жүрүм-турумдардын  стандарты жана   моделдери сунушталат.

1.2 Университеттин  жамаатынын стратегиялык милдеттери – ЖАМУнун ар тараптуу билим берүү чөйрөсүндө  (педагогикалык, экономикалык , юридикалык, медициналык, табыгый-техникалык) бүтүрүүчүлөрдү жогорку деңгээлде даярдоо менен, билим берүү, илим, бизнес жана өндүрүш жаатында мыкты кесипкөй адис болуусуна, лидерлик позициясын бекемдөөгө  татыктуу салым кошуу.

1.3  Кодекстин милдети болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • Университеттин жамаатынын ички жүрүм-турум нормаларын жана этикалык эрежелерин аныктоо;

  • Кызматкерлердин, студенттердин өз милдеттерин жана ролдорун, университеттин миссиясын аткарууда жеке жоопкерчиликтерин жогорулатуу;

  • Университеттик түзүмдүн тышкы тараптар менен болгон өз ара мамилелеринин  этикалык нормаларын аныктоо (бизнес өнөктөштөр менен, атаандаштар менен, массалык- маалымдоо каражаттары менен ж.б.);

  • Университеттин кызматкерлеринин ортосундагы укуктук  айырмачылыктар,  субординацияларды аныктоо;

1.4 Кодекс университетте жагымдуу психологиялык климатты  түзүү жана жайылтуу, кызматкерлердин жана студенттердин ишмердүүлүгүнүн оң натыйжалуулугун жогорулатуу, коомчулукта жана билим берүү чөйрөсүндө университеттин кадыр баркын жогорулатуу  максатында иштелип чыкты.

 

2.  КОДЕКСТИ КОЛДОНУУ ЧӨЙРӨСҮ

2.1 Кодекс Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ЖАМУнун уставынын жана ички тартипти жөнгө салуу эрежелеринин, коллективдүү келишимдердин жалпы тааныган нравалык-этикалык нормалардын жана принциптердин негизинде иштелип чыкты.

2.2 Кодекс менен университеттин кызматкерлери таанышып чыгат, андан соң, университеттин Окмуштуулар Кеңешмесинде талкууланат, өзгөртүүлөр жана сунуштар эске алынат, жобону кабыл алуу сунушунун негизинде университеттин ректору тарабынан бекитилет жана ошол күндөн тарта күчүнө кирет.

2.3 Кодекс Университеттин кызматкерлеринин, студенттеринин жүрүм-турум эрежелерин өз ичине камтыйт.

2.4  Кодекс жүрүм-турум стандартына негизденүү менен университеттин кадыр-баркын көтөрүү, чечимдерди кабыл алууда адилеттүүлүктү жана калыстыкты камсыз кылуу, коомдук ишенимди бекемдөө жана сактоо үчүн университеттке жардам берүү максатында иштелип чыккан.

2.5  Кодекстин жоболорун университеттин бардык тармактарында иштеген кызматкерлер жана студенттер сактоосу сунушталат.

  

3. ЖАМУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЖАНА СТУДЕНТТЕРИНИН ЖҮРҮМ-ТУРУМ ЭРЕЖЕЛЕРИ

3.1. Биримдик, боорукердик, жолдоштук сезим, өз ара түшүнүүчүлүк жана өз ара жардам, өз ара ишеним – булардын баары  жамаатта иштөөнүн жана жогорку нравалык атмосфераны түзүүнүн жана сактоонун маанилүү шарттарынын бири болуп саналат. Университеттеги профессордук-окутуучулук курамдын, кызматкерлердин, студенттердин жеке ар-намысы, кадыр-баркы, ыйман жана адеп-ахлактуу дени сак жашоо образы негизги мааниге ээ. Маданиятсыздыкка, адепсиздикке, орой мамилеге, алдамчылыкка,  аракечтикке жана коңүл коштукка орун жок. Ошондуктан жалпыга бирдей маданияттуу жүрүм-турум эрежелерин сактоо зарыл, айрыкча, сылыктык, ийкемдүүлүк, көңүл буруучулук, чынчылдык, тактык, адилеттүүлүк, калыстык, жардамдашуучулук  жаатында.

3.2  Университеттин окутуучулары, кызматкерлери, студенттери сабакка жана жумушка кечикпестен келүүсү  талап кылынат. Таза, тыкан, орундуу,
иштиктүү стилде (деловой стиль) кийинип  сабакка жана жумушка келүү университеттин иш стилине ыңгайлуу көрүнүштөрдөн болуусу шарт. Университеттин имаратына кирүүдө эркектер баш кийимдерин чечүүсү, ошондой эле университеттин бардык кызматкерлери жана студенттери сырткы кийимдерин атайын бөлүнгөн кааналарга же гардеробдорго коюусу керек (эгер бар болсо).

3.3  Университеттин бардык кызматкерлери  жана студенттери кийинүүдө  субмаданиятка таандык, өзгөчөлүктөрдөн  (металл чынжырлар, төөнөгүчтөр ж.б.) качуу керектиги сунушталат жана спорттук костюм кийип келүүгө тыюу салынат. Жакасы өтө терең оюлган, ийини, далысы, курсагы жылаңач формада тигилген, дене мүчөсү ачык көрүнүп турган кийимдер жана белге жетпеген же өтө энсиз (чрезмерно низкая посадка) тигилген шымдарды кийүүгө тыйюу салынат.  

3.4 Университетте бири-бирине сиз деп кайрылуу шарт. Окутуучулар, кызматкерлер, студенттер аралык пикирлешүүдө, катуу кыйкырууга, нормативдүү эмес лексиканы пайдаланууга, өз ара акаарат көрсөткөнгө, шылдыңдаганга, ат коюуга тыйюу салынат. Студенттер ортосундагы, окутуучулар ортосундагы, студенттер менен окутуучулар ортосундагы  жекече мамилени эл алдында талкууга алууга тыюу салынат.

3.5 Университеттеги коопсуздукту камсыз кылуу жана укук бузууларга жол бербөө максатында  көзөмөлдөө системасы иштейт. Университеттин ар бир корпусунун кире беришинде нөөмөтчү вахтер бар. Андыктын тастыктоочу документтерди көрсөтүп кирүү максатка ылайыктуу.

3.6 Эшиктен кирүүдө жана чыгууда кезекке туруу кырдаалы жаралса, студенттер окутуучуларга жана кызматкерлерге, эркектер-аялдарга кезек берүүсү шарт.

3.7 Студенттер, окутуучулар жана кызматкерлер бири-бири менен кездешип калган учурларда төмөнкү ырааттуулукту сактап, сөзсүз салам айтып, алик алуусу максаттуу: студенттердин окутуучуларга, эркектердин –аялдарга, жаштар улууларга салам айтуусу. Колду одоно кыса кармап учурашууга болбойт. Ал эми социалдык статусу, жаш курагы бирдей болгон шартта  тарбиялуу  жана ийкемдүүсү саламдашат. Салам айткан тарапка алик алуу менен жооп узатуу сөзсүз аткарылуучу шарттардын бири.

3.8 КРнын “тамеки тартууну чектөө” жөнүндөгү мыйзамына ылайык, университеттин имараттарынын ичинде тамеки тартууга тыюу салынат. Атайын белгиленген тамеки  тартуучу жайда гана тамеки тартса болот.

3.9 Сабактын жүрүшүндө студенттердин жана окутуучулардын кол телефондору өчүрүлөт. Официалдуу иш-чаралардын жүрүшүндө (кеңешме, жыйналыш, конференция, жолугушуу ж.б.) уюлдук телефондун үнүнүн өчүрүлүүсү шарт.

3.10 Ар кандай иш-чараларда (чогулуштар, салтанаттуу чогулуштар, жумуш багытындагы жолугушуулар, концерттер, майрамдар) сүйлөп жаткан тарапка урмат-сый менен мамиле жасоо зарыл жана  тынчтыктын жана тартиптин сакталуусу шарт. Өтө зарыл болгон шартта жана тыныгуу мезгилинде гана залдан чыгууга болот.

 

4. СТУДЕНТТЕР ОРТОСУНДАГЫ ӨЗ АРА МАМИЛЕ

4.1 Университетте адамдык кадыр-баркты мазактоого тыюу салынат. Студенттер негиздене турган принциптер: жаштар жамаатынын мүчөлөрүнүн ортосундагы өз ара урмат-сый, адилеттик, калыстык, чынчылдык.

4.2  Студенттер арасндагы мамилелешүү өз ара урмат-сый принциптерине негизденет жана оройлук кылууга, уят сөздөрдү колдонууга, башкалардын ар-намысын, кадыр-баркын кордоого, шылдың кылууга,  аларга моралдык, материалдык зыян келтирүүгө, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого тыюу салынат.

4.3 Студенттердин окуу маселелерин биргеликте талкуулоосу жана чечүүсү, долбоорлорду аткаруусу, жаштар ортосундагы массалык конкурстарга жана иш-чараларга, маданий эс алууларды уюштуруусу жана  катышуусу колдоого аларлык көрүнүш болуп саналат.

4.4  Университеттин студенттеринин окуу жана өз ара аракеттенүү учурунда кездешкен көйгөйлөрүн чечүү жарандык укуктарды коргогон документтердин, Кодекстеги эрежелердин жана адилеттүүлүк прициптеринин негизинде жөнгө салынат.

 

5.  ОКУТУУЧУЛАР ЖАНА СТУДЕНТТЕР ОРТОСУНДАГЫ ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕР

5.1 Студенттер сабакка профессор-окутуучудан эртерээк келүүсү шарт. профессор-окутуучу аудиторияга киргенде, бардык студенттер ордунан туруп саламдашышат жана  олтуруу үчүн уруксат берилгенде орун алышат. Студент кечигип калган учурда, кечирим суроо менен башкалардын көңүл бурдурбай профессор-окутуучу уруксат берсе, бош турган жакыныраак орундуктан орун алуусу шарт.

5.2 Профессор-окутуучу өтүлүүчү сабак боюнча  толук көлөмдөгү маалыматты  студенттерге жеткирүүгө милдеттендирилет. Ошондой эле студенттер белгиленген мөөнөттө окутулуп жаткан сабактын мазмуну менен таанышууга жана экзамендик суроолорду алууга, өз алдынча даярдануу үчүн маалымат алуу булактарын жана мүмкүнчүлүктөрүн алдын ала алууга укуктуу жана билүүгө шарт. Мындай шартта профессор-окутуучу электрондук жана басма маалыматтарына шилтеме жасайт, окуу куралдарын сунуштап берүүсү керек. Чыгармачылык мүнөздөгү тапшырмаларды аткарууда студенттер баалоо критерийлерин түшүнүп, аткарылуучу иштин алгоритмин так билүүсү шарт. Эгер студент суранса, аны шыктандыруу үчүн профессор-окутуучу балоону мотивдештирүүгө милдеттүү.

5.3 Эгер студент сабактын тартибин  бузса, профессор-окутуучу жаралган кырдаалды жазуу жүзүндө деканатка билдирип, тайпада иштөөгө тоскоолдук жараткан студентти сабактан четтетүүгө укуктуу. Мындай кырдаалда студент сабактан кийин сылыктык менен абалды түшүндүрүп, профессор-окутуучудан  кечирим сурашы керек.

5.4 Студенттер сабактан сырткаркы мезгилдерде профессор-окутуучулар менен мамиле түзүүдө төмөндөгү эрежелерди сактоого тийиш:

  • Профессор-окутуучулардын атын, фамилиясын, атасынын атын, кызматын билүү жана кайрылуу;
  • Кафедрага кирип суроо берээрден алдын кафедранын дубал газетасындагы маалыматты кылдаттык менен көңүл коюп окуп чыгуу;
  • Профессор-окутуучулар төмөндөгү 4 шартта гана студенттер менен алектенээрин билүү:
  1. Жадыбалга коюлган сабак маселесинде;
  2. Жадыбалдагы маселелерге кеңеш берүүдө;
  3. Жадыбалга коюлган өтүм-сынактарды кабыл алууда (кайра тапшырууда);
  4. Жекече келишимдин негизинде убакыт бөлгөндө.

Калган убакыттын баары  профессор-окутуучунун өзүнүн эркинде, ал кааласа студентти кабыл алат, каалабаса жок.

Студент профессор-окутуучуну   кыскача сүйлөшүүгө чакырууга да мүмкүн эмес, эгер ал:

  • Профессор-окутуучу  менен алдын ала келишим түзбөсө;
  • Жалпы же жеке белгиленген кеңеш берүүгө кечигип калса же келбесе;

Бул учурда студенттердин (анын ичинде окуудан четтетүү коркунучу)  жеке жагдайлары чечүүчү аргумент болуп эсептелбейт.

5.5  Профессор-окутуучуга төмөндөгүлөргө  тыюу салынат жана укугу жок:

  • Студенттерди кемсинтүүгө, шылдыңдоого (айрыкча эл көзүнчө) алардын адамдык кадыр-баркын басынтууга;

  • Тапшырманы аткарбагандыгы үчүн сабактан четтетүүгө;

  • Окуу планы менен байланышпаган себептерди негиздеп сынактан четтетүүгө;

  • Отчеттун кээ бир түрлөрү (сынак, өтүмдөр) үчүн акча же белек алганга;

  • Студенттер менен бирге иштеген коллегаларынын кесиптик жана жекече  маселелерин, кемчиликтерин талкуулаганга;

  • Сабакта соода жарнамалык, саясий жана диндик агитацияларды жүргүзгөнгө.

5.6 Студенттердин төмөндөгүлөргө укугу жок:

  • профессор-окутуучуга орой мамиле жасоо менен талашып-тартышууга, өзүн ыгы жок ачык айрым кармап, жалжактоого жана өзүн ыгы жок эркин тутуп, теңтушсынууга;

  • профессор-окутуучулар менен өзүнүкүнөн сырткаркы кимдир бирөөнү жактап же сынактык баасын талкуулоого.

5.7  Өзгөчө учурларда студенттердин жалпы тайпа мүчөлөрү тарабынан бир добуштан пикир билдирилип, тайпанын башчысынан, кураторунан, профессор-окутуучунун ордун тактап туруу талап кылынат. Ал үчүн олуттуу себептердин болуусу шарт (окутуучунун күнөөсү менен сабакты системалуу үзгүлтүккө учуратууда,  далилдүү фактылардын негизиндеги орой мамиле жасаганда, жөндөмсүздүгүндө, опузалап бирдемке талап кылууда).

5.8 Профессор-окутуучулар менен студенттин (студенттердин) ортосунда чыр-чатак чыккан айрым учурларда, студенттер кафедра башчысына жазуу түрундө кайрылышып, сынакты башка окутуучунун кабыл алуу маселесин чечип берүүнү өтүнүшөт. Өтүнүч аткарылуусу шарт. Мындай  маселеде  кафедра башчысынын көрсөтмөсү менен комиссия сунушталат (үч адамдан кем эмес)  ал декан тарабынан каралып, сынакты комиссия гос тапшыруу маселеси чечилет.

 

6. ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕР ОРТОСУНДАГЫ

ӨЗ АРА МАМИЛЕ

 6.1 Бардык профессор-окутуучуларга, кызматкерлерге жана жамаат мүчөлөрүнө таандык негизги принцип - эмгек этикасына ылайык адилеттүүлүккө жана  чынчылдыкка  негизделген өз ара сый мамиле.

6.2  Профессор-окутуучулар жана кызматкерлер ортосундагы өз ара мамиле өз ара урмат-сый принциптерине негизденип, оройлукка, уят сөз сүйлөөгө, башкалардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүгө, аларга моралдык жана материалдык зыян келтирүүгө, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого жол берилбейт.

6.3 Ар түрдүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн профессор-окутуучуларынын жана кызматкерлеринин жумуш маселелерин биргелешип талкуулоосу жана чечүүсү, долбоорлорду аткаруусу, эс-алуу иш-чараларын уюштуруусу колдоого алынат.

6.4 Университеттин  профессор-окутуучуларынын жана кызматкерлеринин  иш алып баруу процессинде кездешкен көйгөйлөрүн чечүүдө, жарандык укуктарды коргогон документтердин, Кодекстеги эрежелердин жана адилеттүүлүк прициптеринин негизинде жөнгө салынат.

 

7.  АДМИНСТРАЦИЯ, КЫЗМАТКЕРЛЕР ЖАНА ОКУТУУЧУЛАР ортосундагы

ӨЗ АРА МАМИЛЕ

7.1 Университеттин админстрациясына ректор, проректорлор жана бөлүм башчылары кирет. Факультеттин админстрациясына декан жана анын кызматкерлери кирет. Колледждердин админстрациясына директор, директордун орун басарлары, бөлүм башчылары жана админстрациянын кызматкерлери кирет. Кафедранын админстрациясына кафедра башчы жана анын орун басары (эгер ал болсо) кирет.

7.2 Университеттин админстрациясынын, профессор-окутуучуларынын жана кызматкерлеринин бири-бири менен өз ара түз мамилеледе болуу, узак мөөнөттүү кызматташуу, урмат-сый көрсөтүү жана ички милдеттерди так аткаруу принциптерине негизденет. Кызматкерлер, окутуучулар жана иш берүүчүлөр өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө эмгек келишиминин бардык шарттарын сактоого милдеттүү.

7.3 Жумуш маселелери боюнча башкаруучу жана баш ийүүчү өз ара аракеттенишүүдө эки тараптын кайсы биринин басым көрсөтүү аракетине ошондой эле  университеттин кызыкчылыгына жана адилеттүүлүк принциптерине дал келбеген чечимдерди чыгарууга тыйюу салынат.  Жумуштун эффективдүүлүгү үчун кызматтык деңгээлдеги кызматкерлер аралык көйгөйлөр жумуш тартибинде чечилет.

7.4 Ар түрдүү маселелерди чечүүдө, эффективдүү билим берүү же ишмердүүлүктү оптималдаштыруу багытындагы жумушчунун идеялары жана демилгеси колдоого алынат.

7.5  Университеттин админстрациясы, университеттин профессор-окутуучуларынын жана кызматкерлеринин карьералык (мансаптык) жогорулоосун бардыгы үчүн бирдей тең болуусуна кепилдик берет.

7.6 Админстрация адам капиталын ийгиликтин булагы катары эсептейт. Профессор-окутуучулардын жана кызматкерлердин жеке кызыкчылыктары, баалуулук  артыкчылыктары эске алынып, анын дараметин өнүктүрүүгө көңүл бурулат жана социалдык коопсуздукту  камсыздайт.

7.7 Университеттин жетекчилиги жана жамааты ар биринин жекече өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурат. Университеттин бардык кызматкерлери, профессор-окутуучулары университеттин колдоосу астында дем алууга, ден-соолукту чыңдоого жеңилдик жолдомолорун алууга, спорт менен машыгууну жогорулатууга, көйгөйлөрүн чечүүдө жетекчиликтин максималдуу көңүл буруусуна татыктуу. 

 

8.   УНИВЕРСИТЕТТИН МҮЧӨСҮ КАТАРЫ КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ЖАНА 

ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУНУН МИЛДЕТТЕРИ

8.1 Университеттин ар бир кызматкеринин, профессор-окутуучусунун ишинин максаты – студенттер күткөн ишенимди актоо. Университеттин кызматкерлери  жана окутуучулары өнөктөштөргө жана билим алуучуларга көңүл буруу менен, биргеликте эффективдүү иш алып баруу максатын көздөйт.

8.2 Окуу жайлар ортосундагы атаандаштыкка туруштук берүү үчүн университеттеги кызматкерлердин жана профессор-окутуучулардын иштеринин жыйынтыгы жогорку натыйжалуу болуусу шарт.

8.3  Университеттин кызматкерлери, профессор-окутуучулары эмгек тартибинин талаптарына ылайык өздүк жүрүм-турумунда, жогорку деңгээлдеги маданиятулукту, адептүүлүктү көрсөтүү менен, өз милдеттерин аткарууда жана кесипкөйлүүлүк ишмердүүлүгүндө үлгү көрсөтүүсү шарт.

8.4  Университеттин кызматкерлери, профессор-окутуучулары биринчи кезекке университеттин кызыкчылыгын жана кадыр-баркын жогорулатуу, өркүндөтүп-өнүктүрүү иш-аракетин коюусу шарт.

8.5 Университеттин кызматкерлеринин, профессор-окутуучуларынын изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары жана билимин өркүндөтүүдөгү, алмашуудагы максаттары университеттин жеке кадыр-баркын жогорулатууга жана өнүктүрүүгө багытталуусу шарт.

8.6 Университеттин профессор-окутуучулары, кызматкерлери университеттин жетекчилигине, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө окуу, тарбиялык, илимий же ички жашоосун уюштуруу жөнүндө өз пикирлерин билдирүүгө жана арыз же сунуш менен кайрылууга укуктуу.

8.7 Университеттин профессор-окутуучулары, кызматкерлери, жеке кызыкчылыктары үчүн университетке, университеттин аброюна зыян келтире турган, ар-намысын, кадыр-баркын кетире турган, ар кандай тоскоолдуктардын жасоосуна жана маалыматтарды таркатуусуна тыюу салынат.

8.8 Университеттин профессор-окутуучулары, кызматкерлери, жеке кызыкчылыктарын ойлоп коллегаларын, өнөктөштөрүн, студенттерди аброюна зыян келтире турган, ар-намысын, кадыр-баркын кетире турган,  жеке аброюна зыянын тийгизе турган ар кандай  терс көрүнүштөгү (шылдыңдап мазактоо, ат коюу, ушактоо, алдоо, кол көтөрүү, ж.б.) иштерди жасоосуна жана терс маалыматтарды таркатуусуна тыюу салынат.

8.9 Университеттин кызматкерлеринин, профессор-окутуучуларынын азыркы учурдагы заманбап жаңы коомдун талаптарына даяр болуусу, милдеттерди динамикалуу жана чыгармачылык менен аткаруудагы ийкемдүүлүгү, мобилдүүлүгү, өзүнүн үстүнөн өзү өнүктүрүүсү (самосовершенствование) негизги сапаттардан болуп саналат.

8.10 Университеттин атынан, университеттен өкүл катары  сүйлөгөн университеттин кызматкерлери, профессор-окутуучулары жана студенттери жүрүм-турум маданиятын, сүйлөө маданиятын, ишкердик этикасынын эрежелерин жана нормаларын сактоосу шарт жана ага милдеттүү.

 

9. УНИВЕРСИТЕТТИН ӨНӨКТӨШТӨРҮ (ПАРТНЕР) МЕНЕН ӨЗ АРА МАМИЛЕСИ

9.1 Университет жалпы билим берүү системасын жана анын айрым аспектилерин жогорулатуу жана өнүктүрүү максатында өнөктөштөрү менен иш алып барууга кызыкдар жана даяр.

9.2 Университеттин өнөктөштөр менен өз ара иш алып баруу процессинде,  университеттен жана өнөктөштөрдөн коюлган милдеттерди так аткаруу жоопкерчилиги күтүлөт.

9.3 Университеттин ишмердүүлүгү өнөктөштөр менен узак мөөнөттүү жана максималдуу натыйжа алып келүүчү кызматташууга багытталат.

 

10. УНИВЕРСИТЕТТИН СЫРТКЫ ТҮЗҮМДӨР ЖАНА МАДАНИЙ-МАССАЛЫК КАРАЖАТТАР МЕНЕН ӨЗ АРА МАМИЛЕСИ

10.1 Университеттин ишмердүүлүгү билим берүү жана илимий мекемелер менен, коомдук уюмдар менен, мамлекеттик жана соода тармагындагы түзүмдөр менен кызматташтыкта иш жүргүзөт. Университет сырткы түзүмдөр менен өз ара иш алып барууда ачык жана чынчыл мамилелерин туюнткан жогорку деңгээлдеги кызмат этикасына негизденет жана мамилелешүүдө төмөндөгү принциптерди карманат:

  • Өз милдеттерин аткаруудагы жоопкерчилиги жана ырааттуулук;
  • Этикалык принциптерди сактоо;
  • Берилген маалыматтын тактыгы;
  • Маалыматтын ачыктыгы жана айкындыгы;
  • Пикир келишпестиктер жана талаш-тартыштар келип чыккан учурда компромисске баруу.

10.2  Университет өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу массалык маалымат каражаттары менен ачык жана ак ниет мамиледе болот. Университеттин кызматкерлери, окутуучулары, студенттери массалык маалымат каражаттары менен мамиле түзгөндө:

  1. Жогорку окуу жайынын кадыр-баркына шек келтирген аракетти жасабайт жана университеттин аброюн сатайт жана кызыкчылыгын коргойт;
  2. Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алынган маалыматтардын кофиденциалдуулугун сактап,  жайылтууга тыйюу салынат;
  3. Өз ишмердүүлүгүндөгү такталбаган же жалган маалыматтарды таркатууга тыюу салынат.

10.3  Сырткы түзүмдөр жана массалык-маалымат каражаттары менен иш алып барууну университеттин ректору жана анын тапшырмасы менен бөлүмдөрдүн жетекчилери ишке ашырат. Кызматкерлер, профессор-окутуучулары жана ректордон башка админстрация өкүлдөрү сырткы түзүмдөр менен иш алып барууда түздөн-түз жетекчиликтин уруксатын алуусу шарт.

10.4 Университеттин кызматкерлери жана профессор-окутуучулары өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө алынган маалыматтардын, интеллектуалдык менчик болуп саналган маалыматтардын кофиденциалдуулугун сактайт,  ачыкка чыгарууга жана университеттен сырткаркы жерлерде колдонууга жана таратууга жол берилбейт.

 

11. УНИВЕРСИТЕТТИН АТААНДАШТАР МЕНЕН ӨЗ АРА МАМИЛЕСИ

11.1 Университет өз ишмердүүлүгүнүн бардык аймактарында адилет, эркин жана ачык атаандаштык кызматына ээ. Университет атаандаштар менен пикир келишпестиктер, талаш-тартыштар болгон учурда кадыр-баркын сактоо менен сүйлөшүүгө жана компромисске барат.

 

12.   ТАЛАШ-ТАРТЫШ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЖАНА ЧЫР-ЧАТАКТУУ КЫРДААЛДЫ ЖӨНГӨ САЛУУНУН ПРИНЦИПТЕРИ

12.1  Университет кызматкерлердин жана окутуучулардын милдеттерин так бөлүштүрүүнү жолго койсо, жоопкерчилик чөйрөсүндөгү чыр-чатактар азайып, иш натыйжалуу жүрөт. Ошого карабастан, иш иретинде келип чыккан чыр-чатактар тез аныкталып, катуу көзөмөлгө алынуусу шарт.

12.2 Чыр-чатактардын чечилүүсүнүн жыйынтыгы университеттин зыян тартпоосуна багытталышы, эч болбосо, университеттин минималдуу жабыр тартуусун шарттоосу керек. Келип чыккан чыр-чатактуу кырдаал мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө чечилүүсү шарт.

12.3  Университеттеги чыр-чатакты  эки тараптуу же көп тараптуу иштиктүү сүйлөшүүлөрдүн жолу менен чечүү колдоого алынат (Чыр-чатактар боюнча комиссия түзүлүүсү, маселени кароосу керек). Мүмкүн болуучу чыр-чатактуу көрүнүштүн алдын-алууга көмөктөшүүчүлөр мактоого арзыйт.

12.4 Чыр-чатактуу кырдаалдын келип чыгуусу жөнүндө, аны оперативдүү жана натыйжалуу чечүү мүмкүндүгү,   бардык тараптарга маалымат катары берилиши керек.

12.5 Чыр-чатакты чечүүдө ачык-айкындык жана адилеттүүлүк процедуралык (жол жобо) принциптери сакталат.

12.6 Сырткы түзүмдөр менен чыр-чатактуу көрүнүш келип чыкканда кызматкерлер жана профессор-окутуучулар биринчи кезекте студенттердин кызыкчылыгын, ошондой эле университеттин аброюн, таламдарын да эске алуусу шарт.

12.7 Мындай чыр-чатактар студенттер арасында келип чыкса, аны тез жана адилеттүү чечүү үчүн жөнөкөйлөтүлгөн жол жоболорду колдонуу керек.

12.8 Университеттин кызматкерлери, профессор-окутуучулары өз кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, студенттер менен мамилелешүүсүндө басым жасап, аларга зыян келтирип, чыр-чатак жаратууга тыюу салынат.

12.9 Университеттин бөлүмдөрүнүн ортосунда чыр-чатактуу кырдаал пайда болсо, жалпы жогорку окуу жайдын,  университеттин  аброюн сактоо жана кызыкчылыгы эске алынуу менен чечилет.

12.10 Университеттин тармактарынын бири да чыр-чатактуу кырдаалда өз кызыкчылыгын көздөп өз тарабына чыр-чатакты чечкенге укугу жок.

 

 

13.    БЕЛЕКТЕР ЖАНА КЫЗМАТТАР

13.1 Университеттин кардарлары үчүнчү тараптар тарабынан ыраазычылык же кызмат көрсөтүү максатында жолдонгон белектерди же сунушталган кызматтарды университеттин админстрациясы же жетекчилиги тарабынан уруксат болмоюнча алууга же  бирөөгө берүүгө уруксат жок.

13.2 Белектерди, кызматтарды алууда же өткөрүп берүүдө чыр-чатакты пайда кылуучу кырдаалдарды болтурбоо керек. Ар кандай түрдө белек катары акча алууга (суммасына карабай) тыйюу салынат.

13.3 Эгер университеттин профессор-окутуучуларына, кызматкерлерине университеттин официалдуу өкүлү катары (мисалы, коомдук иш-чараны презентациялоосу үчүн) белек же кызмат сунушталса, мындай шартта жетекчиликке сөзсүз кабарлап коюу максатка ылайыктуу.  

13.4 Университеттин өнөктөштөрүнө же кардарларына белек ыйгаруу же кызмат көрсөтүү университеттин атынан жүргүзүлөт, кызматкерлердин жана окутуучулардын жеке атынан кетирүүгө же берилүүгө тыюу салынат.

13.5  Университеттин символикалык белгилери түшүрүлгөн предметтер, сувенирлер  белек катары ылайыктуу деп эсептелет.

 

14.  ЖООПКЕРЧИЛИК

14.1 Ушул Кодекстин эрежелери жана нормалары бузулса, университет коллективинин коомдук пикиринин талкуусуна коюлат. Айрыкча одоно жана олуттуу бузууларга жол коюлса, студенттерди окуудан четтетүү, ал эми кызматкерлерди жана профессор-окутуучулард ы жумуштан кетирүү сыяктуу админстративдик дисциплинардык жазалар колдонулат.