AVN







КЫЗ АДЕБИ КЫМБАТ

КЫЗ АДЕБИ КЫМБАТ
 Oct 2, 2019  6031

Жалал-Абад колледжинин  «Социалдык иш» жана «Мектепке чейинки билим берүү» адистигинин студенттеринде «Кыз адеби кымбат» деген темада тарбиялык саат өткөрүлдү. Анда колледждин директору п.и.к., доцент Б.М.Турдубаева жана куратор окутуучулар катышышып, конок лекцияда Жалал-Абад областтык репрадуктивди сактоо борборунун II даражадагы  акушер-гинекологу К.Ж.Садырова болду.

Тарбиялык жолугушууда студенттерге керектүү маалыматтар берилип, кыздар кызыккан суроолоруна адистен жооп алышты. Мындан ары денисак жашоо үчүн көптөгөн кеңештер берилди.

“Улутуңду сактайм десең кызыңды тарбияла, Тегиңди сактайм десең уулуңду тарбияла” – деп кыргыз эли уул-кызына туура багыт берип, ден соолугуна кам көрүшкөн. Андыктан кыздардын жүрүм-турумуна, ден соолугуна кам   көрүү менен келечегибизди кура алабыз дешет уюштуруучулар.