AVN







ЖАМУнун 400 СТУДЕНТИ ЖӨӨ ЖҮРҮШКӨ КАТЫШТЫ

ЖАМУнун 400 СТУДЕНТИ ЖӨӨ ЖҮРҮШКӨ КАТЫШТЫ
 Oct 2, 2019  650

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы  “5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү деп жарылоо жөнүндө” №225-р буйругунун негизинде, КРӨКМнин Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын Жалал-Абад шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын атайын күч каражаттарын калкка пропагандалоо боюнча, 2019-жылдын 20-сентябрында КРнын Өзгөчө кырдаалдар министринин катышуусу менен Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан “Кырсыктардын тобокелчиликтеринин алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” аталыштагы  чоң иш-чара болуп өттү. 

Ал иш-чара бир канча бөлүктөрдөн турду жана башталышы массалык жөө жүрүш менен коштолду. Ага университетинин Табигый-техникалык, Медициналык факультеттеринде жана Медициналык колледжде окуган студенттер, профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер  болуп жалпы 400дөн ашык  адам катышты.  Ал эми иш-чаранын негизин түзгөн машыгуу конкурстарына Жалал-Абад колледжинин “Өзгөчө кырдаалдардан коргоо” адистигинин студенттери катышышып, окуу учурунда алган теориялык билимдерин тажрыйба түрундо корсөтүшуп, өзгөчөлөнгөн студенттер  баалуу белектер менен сыйланды.

  • ЖАМУнун 400 СТУДЕНТИ ЖӨӨ ЖҮРҮШКӨ КАТЫШТЫ
  • ЖАМУнун 400 СТУДЕНТИ ЖӨӨ ЖҮРҮШКӨ КАТЫШТЫ
  • ЖАМУнун 400 СТУДЕНТИ ЖӨӨ ЖҮРҮШКӨ КАТЫШТЫ
  • ЖАМУнун 400 СТУДЕНТИ ЖӨӨ ЖҮРҮШКӨ КАТЫШТЫ