AVN







КАРЫСЫ БАРДЫН – ЫРЫСЫ БАР

КАРЫСЫ БАРДЫН – ЫРЫСЫ БАР
 Oct 1, 2019  13257

“Урматтуу Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  Аксакалдуу агай-эжекелери жана жамааты!

Сиздерди 1-октябрь - Эл аралык карылар күнү менен куттуктайм!

Бул датаны 1990-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына кошкон. Арийне, көптөгөн кылымдардан бери карай кыргыз калкы өз карыларын кастарлап жогору коюп, аларга татыктуу урмат-сый көрсөтүп келгендигин нускалуу тарыхыбыз таамай айгинелеп турат.

Бекеринен «Карысы бардын – ырысы бар», «Карынын кебин капка сал», «Жаш келсе – ишке, кары келсе – ашка» деген сыяктуу макал-лакаптар жашап, алар улуу муунду кадырлоонун уңгулуу насыяты катары калкыбыздын аң-сезиминде бекем орнобосо керек.

Көп жашап, көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган агайлар жана эжекелердин тунук акылы, көсөмдүгү, каниет-сабыры ар дайым кийинки муун үчүн улуу сабак болуп  келип, бир кылымдык бай тарыхы бар окуу жайыбыздын түптөлүшүнө, анын өнүгүүсүнө ар бириңиздердин зор салымыңыздар бар. Биз мындай тарыхыбыз менен сыймыктанууга толук акылуубуз.

Урматтуу аксакалдуу агайлар, аксаамайлуу эжейлер, сиздердин чыдамдуулук, токтоолук, сабырдуулук жана көсөмдүк касиет-сапаттарыңар жалпы жамаатыбызга жакшы жышаанасын артып, окуу жайдын  келечеги үчүн кеменгер жол ачып келди!

Үй-бүлөлүк бакыт жылоолоп, кутман карылыктын жемишин даамдап, ар дайым төрүбүздүн көркү болуңуздар!”.

 

Сиздерди урматтоо  менен, ЖАМУнун ректору Кеңешбек Усенов