AVN







«ТАЗА ЖАШОО, ТАЗА КООМ»

«ТАЗА ЖАШОО, ТАЗА КООМ»
 Sep 28, 2019  848

Медициналык колледжинин жалпы жамааты жана «Таза жашоо, таза коом» аталыштагы ишембилик уюштуруп, Спутник кичи шаарчасынын төрт көчөсүнүн жээктерин иретке келтирилип, бактардын түптөрүн акташты.

Колледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Г.И.Темирбаеванын айтымында , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Сатыбалдиевдин буйругунун негизинде   айлана-чөйрөнү жана санитардык абалды иретке келтирүү максатында ишембилик өткөрүлгөн.

 “Ишембиликтин жүрүшүндө Р.Азимова, М.Ботбаев, Олимпийский, А.Орозбаев көчөлөрүнүн жээктери иретке келтирилип, каналдар таштандылардан тазаланды. Шаарыбыздын экономикасын көтөрүүгө күчүбүз жетпесе дагы анын тазалыгына кам көрүп, жашыл шаар болуусуна кол кабыш кылууга дайым даярбыз деген ойду студенттер билдиришти” – дейт Г. Темирбаева.

  • «ТАЗА ЖАШОО, ТАЗА КООМ»
  • «ТАЗА ЖАШОО, ТАЗА КООМ»
  • «ТАЗА ЖАШОО, ТАЗА КООМ»
  • «ТАЗА ЖАШОО, ТАЗА КООМ»