AVN







ЖАТАКАНАДА АКТИВДЕР ШАЙЛАНДЫ

ЖАТАКАНАДА АКТИВДЕР ШАЙЛАНДЫ
 Sep 26, 2019  555

Жалал-Абад мамлекеттик университеттин  № 1 жатаканасынын чоң залында ЖАМУнун админстративтик чарба иштери боюнча проректору Салмоорбек Уметовдун катышуусу менен жыйын болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө  студенттик кеңешинин төрагасы, жатакананын активдери, этаждардын старосталары, аялдардын кеңеши жана санитардык  секторлору шайланды.

С. Уметовдун айтымында, жатакана 300 студентке ылайыкташылган. Учурда  250дөн ашуун  студент жашап жатат.

“Жатаканада жашоо-шартка керектүү шарттар толук талапка ылайык түзүлүп берилген. Студенттердин терең билим алуусуна өбөлгө түзүү максатында бекер интернет орнотулган жана китепкана өз ишин жүргүзүүдө” – дейт ал.

  • ЖАТАКАНАДА АКТИВДЕР ШАЙЛАНДЫ
  • ЖАТАКАНАДА АКТИВДЕР ШАЙЛАНДЫ
  • ЖАТАКАНАДА АКТИВДЕР ШАЙЛАНДЫ