AVN

ЖАМУдагы 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүгө багытталган Эл аралык форуму

ЖАМУдагы 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүгө багытталган Эл аралык форуму
 Sep 25, 2017  1081

ЖАМУда “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун жана Кыргыз Республикасындагы БУУ ЮНИСЕФ балдар фондусунун катышуусу менен “Жаңы төрөлгөндөн баштап 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүгө багытталган базалык Стандартты пайдаланууну ишке ашыруу” алкагында Эл аралык форум болуп өттү. Форумга КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, ЖАМУнун ректору профессор К.Ж. Усенов, ЖАМУнун педагогика жана мектепке чейинки билим берүү адистигинин окутуучулары жана студенттери, мэрдин, акимдердин социалдык тармактар боюнча орун басарлары, мектеп директорлору, бала бакчалардын жетекчилери, ата-энелер катышышты. Форумда “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Ш. Кендирбаева баяндамасында Кыргыз Республикасында эрте жаштагы балдардын өнүгүү керектөөлөрүн жана муктаждыктарын окуу жайлар аркылуу педагогдордун, студенттерди жана максаттуу адистерди даярдоого, окутууга жана көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган иштер солгун экендигин баса белгилеп, аталган кемчиликти жоюга багытталган эрте жаштагы балдардын сапаттуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында атайын базалык Стандарты иштелип чыккандыгын жана кабыл алынгандыгын белгиледи. Ушул багытта бир канча окуу-усулдук, көргөзмө материалдар иштелип, басылып даяр болгондугу көргөзмөдөн баамдалды. Ошондой эле жогорудагы Стандартты пайдаланууну ишке киргизүү жана Кыргыз Республикасындагы педагогикалык окуу жайлардын ортосунда бирдиктүү ишмердүүлүктү уюштуруу жана туруктуулугун камсыз кылуу форумдун негизги максаты.

  • ЖАМУдагы 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүгө багытталган Эл аралык форуму