AVN







ГҮЛ ЖАРМАНКЕСИ

ГҮЛ ЖАРМАНКЕСИ
 Sep 25, 2019  569

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери шаарда уюшулган «Гүл» жарманкесине катышышты.

Жарманкеде Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турган жалгыз бой карыялар жана каалоочулар өстүргөн гүлдөрүн сатууга чыгарышкан.

Иш-чарага педагогикалык маалымат технологиялар факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын жана Жалал-Абад колледжинин Социалдык иш адистиги багыты боюнча билим алган студенттер катышкан.

Улгайган жарандардын өз эмгектери менен өстүрүлөн бөлмө гүлдөрүн сатып алып, аларга колдоо көргөзө алдык” – дешет катышуучулар.

Жарманке Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2012-жылдын 7-майындагы №66 буйругунун негизинде 15-сентябрынан 15-октябрына чейин «Улгайган курактагы адамдарга мээрим жана камкордук!» бир айлыгынын алкагында өттү.

  • ГҮЛ ЖАРМАНКЕСИ
  • ГҮЛ ЖАРМАНКЕСИ
  • ГҮЛ ЖАРМАНКЕСИ
  • ГҮЛ ЖАРМАНКЕСИ
  • ГҮЛ ЖАРМАНКЕСИ
  • ГҮЛ ЖАРМАНКЕСИ
  • ГҮЛ ЖАРМАНКЕСИ