AVN







КОДЕКСТЕР ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНДҮРМӨ

КОДЕКСТЕР ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНДҮРМӨ
 Sep 25, 2019  785

2019-жылдын 23-сентябрь күнү «Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына» жана Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата, Жалал-Абад шаардык прокуратурасы жана Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинин жана университеттин алдындагы колледждин юриспруденция адистигинде окуган студенттери менен биргеликте практикалык конференция уюштурулуп университеттин чоң жыйындар залында өткөрүлүп Жалал-Абад шаарында жайгашкан ЖОЖдордун юридикалык факультеттеринде окуган студенттер  катышышты.  

 Бул жыйынга Жалал-Абад шаарынын прокурорунун улук жардамчысы Н.С.Өмүрбекова,  Жалал-Абад шаарынын прокурорунун жардамчысы Муса кызы Миңгүл жана Жалал-Абад шаарынын прокурорунун жардамчысы А. Кожоевтер  конференция учурунда сот органдарына кайрылуу, доо арыздардын үлгүлөрү, мыйзамды бузууга жол берилбестик жана КРнын жазык кодекси, жоруктар кодекси жөнүндө кенен  түшүндүрмө беришти. Жыйындын катышуучуларынын көпчүлүгүн түзгөн студенттер өздөрүнө кызыктуу жана актуалдуу деп эсептелинген суроолорду беришип, адистерден жоопторду ала алышты.

  • КОДЕКСТЕР ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНДҮРМӨ
  • КОДЕКСТЕР ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНДҮРМӨ
  • КОДЕКСТЕР ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНДҮРМӨ
  • КОДЕКСТЕР ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНДҮРМӨ
  • КОДЕКСТЕР ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНДҮРМӨ