AVN







КЫРГЫЗ ТИЛИ – КЫЗЫЛ ТУУСУ ЭЛИМДИН

КЫРГЫЗ ТИЛИ – КЫЗЫЛ ТУУСУ ЭЛИМДИН
 Sep 24, 2019  1036

 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыргыз тили кафедрасы тарабынан уюштурулган тил жумалыгынын алкагында 2019-жылдын 13-сентябрында педагогика жана маалымат технологиялары жана экономика-юридикалык факультеттеринин студенттеринин катышуусунда «Кыргыз тили – кызыл туусу элимдин» деген темада акыл таймаш жана адабий-музыкалык кече өткөрүлдү.   

Кафедра башчысы, доцент Г.Бакированын билдирүүсүндө педагогика жана маалымат технологиялары факультетиндеги түрдүү адистиктердин студенттери мамлекеттик тилдин өнүгүшү, кыргыз орфографиясы, лексикологиясы боюнча акыл калчаган тапшырмаларды аткарышса, экономика-юридикалык факультеттин студенттери тарабынан кыргыз тилин даӊазалаган ырлар көркөм окулуп, обондуу ырлар, улуттук бийлер, сахналык көрүнүштөр аткарылды. Тил жумалыгынын кийинки иш-чарасы филология факультети тарабынан улантылат.   

  • КЫРГЫЗ ТИЛИ – КЫЗЫЛ ТУУСУ ЭЛИМДИН
  • КЫРГЫЗ ТИЛИ – КЫЗЫЛ ТУУСУ ЭЛИМДИН
  • КЫРГЫЗ ТИЛИ – КЫЗЫЛ ТУУСУ ЭЛИМДИН
  • КЫРГЫЗ ТИЛИ – КЫЗЫЛ ТУУСУ ЭЛИМДИН