AVN







“Эне тилсиз өзгө тилдин куту жок, эне тилсиз өзгө тилдин жыты жок”

“Эне тилсиз өзгө тилдин куту жок, эне тилсиз өзгө тилдин жыты жок”
 Sep 24, 2019  598

Педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана Социалдык иш багытынын студенттери тарабынан “Эне тилсиз өзгө тилдин куту жок, эне тилсиз өзгө тилдин жыты жок” аталышындагы тегерек стол өткөүлдү.

         Тегерек столду профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын башчысы ф.и.к., доцент Г.Т. Токтогулова ачып, катышуучулар тарабынан тилибиздин тарыхы боюнча баяндамалар, кыргыз тили жөнүндө макал-лакаптар, учкул сөздөр, тил жөнүндөгү ырлар окулду.

Мындан туура 30 жыл мурун, тактапайтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.

  • “Эне тилсиз өзгө тилдин куту жок, эне тилсиз өзгө тилдин жыты жок”
  • “Эне тилсиз өзгө тилдин куту жок, эне тилсиз өзгө тилдин жыты жок”
  • “Эне тилсиз өзгө тилдин куту жок, эне тилсиз өзгө тилдин жыты жок”