AVN







ТИЛИБИЗДИН ТАГДЫРЫ ӨЗҮБҮЗДҮН КОЛУБУЗДА

ТИЛИБИЗДИН ТАГДЫРЫ ӨЗҮБҮЗДҮН КОЛУБУЗДА
 Sep 23, 2019  646

ЖАМУнун Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы тарабынан окумуштуулар жана студенттер арасында “Кылымга тете - Кыргыз тили” аталышындагы тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столго ЖАМУнун Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы, филол.и.д., профессор Калчакеев К.Б., фиол.и.к., доцент Ажыбаева З.А., п.и.д., профессор Сакиева С.С., Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын жамааты жана жалпы эле студенттер катышышты.

Иштин жүрүшүндө окумуштуулар тарабынан айтылган ойлор, пикирлер айтылып, Мамлекеттик тилдин эртеңки келечеги, бүгүнкү көйгөйлөрү жөнүндө видео тасма көрсөтүлүп, тилдин жаштар арасындагы ар кандай күнгөй-тескейлери боюнча кызуу талкуу болду. Ал эми профессор К.Б. Калчакеев “Манас” эпосу жана Манас тили жөнүндө омоктуу оюн ортого таштаса, профессор С.С. Сакиева Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө башталгыч билим берүүнүн ролу зор экендигине токтолду.  Тегерек стол кафедранын доценти, п.и.к. Ураимов К.М., окутуучу Шишкараева А.К. жана үйрөнчүк-окутуучу Раимкул кызы А. тарабынан уюштурулду.    Талкуунун жыйынтыгында 2-курстун студенти Шерипбай кызы Айдай тарабынан айтылган “Манас” эпосунан үзүндү бардык катышуучуларды терең ойго салып, демек тилибиздин тагдыры өзүбүздүн колубузда экендигине ынандырды.

  • ТИЛИБИЗДИН ТАГДЫРЫ ӨЗҮБҮЗДҮН КОЛУБУЗДА
  • ТИЛИБИЗДИН ТАГДЫРЫ ӨЗҮБҮЗДҮН КОЛУБУЗДА
  • ТИЛИБИЗДИН ТАГДЫРЫ ӨЗҮБҮЗДҮН КОЛУБУЗДА