AVN







АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУ

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУ
 Sep 23, 2019  922

Жалал-Абад колледжинде окуу жайды келечекте “Алдыкы тажрыйба борборуна” айлантуу боюнча семинар өткөрүлдү. Жумушчу семинар  Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен Кыргызстанда аткарылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун эл аралык эксперти  жана долбоор адиси колледж окутуучулары, ЖАМУнун билим берүүнүн сапаты, кадрлар  бөлүмдөрүнүн жетекчиликтери менен бирдикте болду.

 Семинарда мыкты идеаларды, окутуунун жаңы технологияларын, ишкер чөйрөсүнүн суроо-талабын эске алуу менен кесипкөй адистерди даярдоону уюштуруу боюнча жалпы колдонмого пикирлер айтылуу менен практикалык сунуштар берилди.

Эске салсак, Жалал-Абад колледжи Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Азия Өнүктүрүү Банкынын  колдоосу менен аткарып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун активдүү катышуучусу жана “Алдыңкы тажрыйба борбору” болуп саналат. Долбоордун максаты – рынок жана ишкерчиликке багытталган кесиптик билим берүү жана окутуунун инклюзивдүү системасын түзүү. Долбоор өнөктөштөрү: КРсынын каржы министрлиги, Экономика министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, КРсынын соода-өнөр жай палатасы, жаш ишкерлер ассоциациясы, Кыргызстан профсоюздар федерациясы, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдары. 

  • АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУ
  • АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУ