AVN







МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖӨНҮНДӨГҮ ТАЛКУУ

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖӨНҮНДӨГҮ ТАЛКУУ
 Sep 20, 2019  658

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата ЖАМУда уюштурулган тил жумалыгынын алкагында кыргыз тили кафедрасы тарабынан «Мамлекеттик тил» укугуна – 30 жыл: күнгөй, тескейи» деген темадагы дебат 18-сентябрында өткөрүлдү.

Иш-чара ЖАМУнун илимий иштер боюнча проректору, ф-м.и.д., профессор К.С.Алыбаев, ЖАМУнун социалдык маселелер жана мамлекеттик тил боюнча проректору А.Д.Доранова, мамлекеттик тил боюнча башкы адис, фил.и.д. К.Б.Калчакеевдердин катышуусунда өттү. Талкууга окуу жайдын профессордук-окутуучулук жамааты активдүү катышып, техн.и.д., профессор А.Аширалиев, пед.и.д., профессор С.С.Сакиева, фил.и.к., проф.м.а. А.Оморов, филос.и.к., доцент Г.Т.Токтогулова, фил.и.к., доцент А.Кадырова, белгилүү журналист А.Акжолов сыяктуу окутуучулар жана студенттер мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн ийгиликтери жана кемчиликтери жөнүндө маанилүү пикирлерин ортого салышты. 

Кафедра башчысы, доцент Г.Бакированын билдирүүсүндө талкуудан соӊ филология факультетинин студенттеринин катышуусунда музыкалык композициясы тартууланды. Иш-чаранын аягында жарыяланган тил жумалыгынын  жалпы жыйынтыгы чыгарылып, билимдүү, таланттуу студенттерге ЖАМУнун атайын дипломдору ыйгарылып, алдыдагы максат,  милдеттер белгиленди.    

  • МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖӨНҮНДӨГҮ ТАЛКУУ
  • МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖӨНҮНДӨГҮ ТАЛКУУ