AVN







ЖУГУШТУУ ООРУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ, ДЕН-СООЛУККА КАМ КӨРҮҮ

ЖУГУШТУУ ООРУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ, ДЕН-СООЛУККА КАМ КӨРҮҮ
 Sep 20, 2019  781

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында жугуштуу оорулар жөнүндө түшүндүрүү иштери болду. Ага окуу жайдын факультеттеринин жана колледждеринин студенттери катышышты.

Калкты ар кандай жугуштуу оорулардан сактоо максатында Жалал-Абад шаарынын аймагындагы саламатыкты сактоо системасын башкаруу боюнча Координациялык комиссиянын 2009-жылдын 17-июлунда кабыл алынган №2 жана Жалал-Абад шаардык эпидемияга жана эпизотияга каршы өзгөчө комиссиянын 2019-жылдын 2-августундагы №1 2 буйруктанын  негизинде, Жалал-Абад шаардык үй-бүлөлүк  медицина борборунун дарыгери Смадиярова Мунара, Жалал-Абад шаардык ветеринар башкармалыгынын башкы инспектору Исмаилов Мурат, Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Кудайбердиев Маратбектер жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин алып барууда.

Алардын айтымында, азыркы күндөгү бруцеллез, эхинококкоз оорулары жаныбарлар аркылуу жугуу коркунучу учурдун актуалдуу маселеси экендиги жана ар бир адам ден-соолугуна кам көрүү  керектигин,  өздүк гигиеналарды туура сактоону түшүндүрүштү. Үй-бүлөлүк дарыгерлерле жер-жерлерден келген студентерди атайын каттоого туруп өз алдынча ден-соолукту чындоону жана ар кандай  жугуштуу ооруларды алдын алууну сунушташты. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, жеринде жоопторун ала алышты.

  • ЖУГУШТУУ ООРУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ, ДЕН-СООЛУККА КАМ КӨРҮҮ
  • ЖУГУШТУУ ООРУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ, ДЕН-СООЛУККА КАМ КӨРҮҮ