AVN







Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы ЖАМУда

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы ЖАМУда
 Sep 17, 2019  626

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү жана мамлекетибиздин келечеги болгон жаштарыбызды шайлоо процессине жигердүү катышууга үндөө максатында Кыргыз  Республикасынын Борбордук  шайлоо комиссиясынын төрайымы Шайлдабекова Нуржан Кармабековна Жалал-Абад шаарында жайгашкан жогорку окуу жайлардын студенттери менен жолугушту. Жолугушууга ЖАМУнун факультеттеринде жана колледждеринде окуган студенттер, кызматкерлер катышышты.  

Жолугушуунун жүрүшүндө  Н.К.Шайлдабекова  БШКнын аткарып жаткан иштери, келечектеги максаттары, акыркы мезгилдеги аткарылуучу иштери жөнүндө жана  КРнын Конституциясынын кээ бир беренелерине киргизилген түзөтүүлөр жана кошумчалар боюнча маалымат берип презентация жасады. Ал сөзүндө, мурдагы жылдары өткөн Парламенттик жана Президенттик шайлоолордун жыйынтыктарына таянып бир топ статистикалык маалыматтарга токтолду жана жаштардын  шайлоолорго катышуусу Мамлекеттин келечегин аныктоодо, саясий, социалдык-экономикалык стабилдүүлүгүн сактоодо зор күчкө ээ экендигин баса белгилеп кетти. Жолугушуунун соңунда студенттер тарабынан бир канча маанилүү суроолор берилип, ал суроолорго төрайымдан тиешелүү жоопторду алышты.

Кыргыз  Республикасынын Борбордук  шайлоо комиссиясынын төрайымы Шайлдабекова Нуржан Кармабековна Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин китепканасына Брайл шрифти менен жазылган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Мамлекеттик жана расмий тилде жазылган варианттарын тапшырды.

  • Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы ЖАМУда
  • Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы ЖАМУда
  • Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы ЖАМУда
  • Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы ЖАМУда