AVN







ЖАМУнун “Жаш канат” фольклордук-этнографиялык ансамбли Комуз күнүнө карата өткөрүлгөн шаардык майрамда

ЖАМУнун “Жаш канат” фольклордук-этнографиялык ансамбли Комуз күнүнө карата өткөрүлгөн шаардык майрамда
 Sep 14, 2019  613

Жалал-Абад шаарындагы Барпы драма театрынын аянтында “Комуз күнү” белгиленип, ага ЖАМУнун “Жаш канат” фольклордук-этнографиялык ансабли катышты. Майрамдык иш-чара шаардык мэрия тарабынан уюштурулган.

 КРнын Президентинин Жарлыгына ылайык 9-сентябрь Комуз күнүн майрамдоого арналып өткөрүлгөн иш-чарага жаш таланттар ансамблдин жетекчиси комузчу Нурбек Шамуратовдун жетекчилиги астында катышышкан. Аталган иш чара Кыргызстандын ар бир облусунда белгиленип, Жалал – Абад облусу боюнча чогулган улуу кичүү комузчулар Атай Огонбаевдин “Маш ботой” күүсүн ансамбль ойношуп, флешмоб тартуулашты.

Белгилей кетсек, “Жаш канат” фольклордук-этнографиялык ансабли Жалал-Абад мамлекеттик университетинин таланттуу студенттеринен түзүлүп, республикалык бир катар иш-чараларга катышып келишет. Ар жылы жаңы таланттар кастинг аркылуу тандалып, окуусу менен катар өнөрлөрүн өркүндөтүшүүдө.

  • ЖАМУнун “Жаш канат” фольклордук-этнографиялык ансамбли Комуз күнүнө карата өткөрүлгөн шаардык майрамда
  • ЖАМУнун “Жаш канат” фольклордук-этнографиялык ансамбли Комуз күнүнө карата өткөрүлгөн шаардык майрамда