AVN







КЫРГЫЗ ТИЛИМ – БАА ЖЕТКИС УЛУУ МУРАСЫМ

КЫРГЫЗ ТИЛИМ – БАА ЖЕТКИС УЛУУ МУРАСЫМ
 Sep 13, 2019  826

  «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили» жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыргыз тили кафедрасы тарабынан уюштурулган тил жумалыгынын алкагында табигый-техникалык жана медициналык факультеттердин студенттеринин катышуусунда «Кыргыз тилим – баа жеткис улуу мурасым» аттуу адабий-музыкалык кече өткөрүлдү.    

Кафедра башчысы, доцент Г.Бакированын билдирүүсүндө кечеде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп эсептелген кыргыз тилин даӊазалаган ырлар көркөм окулуп, обондуу ырлар, улуттук бийлер аткарылды. Кыргыз элинин боз үйү тигилип, улуттук тамак-аштардын жарманкеси уюштурулду. Тил жумалыгынын кийинки иш-чарасы педагогика жана маалымат технологиялары жана экономика-юридикалык факультеттери тарабынан улантылат.    

  • КЫРГЫЗ ТИЛИМ – БАА ЖЕТКИС УЛУУ МУРАСЫМ
  • КЫРГЫЗ ТИЛИМ – БАА ЖЕТКИС УЛУУ МУРАСЫМ
  • КЫРГЫЗ ТИЛИМ – БАА ЖЕТКИС УЛУУ МУРАСЫМ
  • КЫРГЫЗ ТИЛИМ – БАА ЖЕТКИС УЛУУ МУРАСЫМ
  • КЫРГЫЗ ТИЛИМ – БАА ЖЕТКИС УЛУУ МУРАСЫМ