AVN







КОМУЗ КҮНҮ ЖАМУДА

КОМУЗ  КҮНҮ ЖАМУДА
 Sep 10, 2019  708

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык филология факультеттинин “Кыргыз, дүйнөлүк элдер адабияты жана журналистика” кафедрасынын улук окутуучусу Аманкелди Шерипбаев КтБ-1-18 тайпасында “Комуз кыргыздын көөнөргүс музыкалык аспабы” аталышта куратордук  саат өттү.  

Куратордук  саатты өтүүдө студентерге кыргыз элинин улуттук музыкалык аспабы болгон  комуздун келип чыгуу тарыхын, анын маанилүүлүгүн, баалуулугун даңазалап кенен айтып берди. Залкар классик комузчуларыбыз Токтогул Сатылганов, Муратаалы Күрөңкеев, Карамолдо Орозов, Ыбрай Туманов, Айдараалы Жөргөлөк, Атай Огомбаевдердин жараткан күүлөрү, обондору кыргыз элинин салттуу музыкасын жаңыртып келе жаткандыгы, ал күүлөр кылымдап жашаарын жана алардын жолун улантуучулар катары Самара Токтакунова, Болуш Мадазимов, Нурак Абдрахманов ж.б.у.с. залкар комузчуларыбыздын эмгектерин эл баалап келе жаткандыгын, ошону менен бирге келечек муундары, жаштар унутпашы керектигин баса белгиледи. 

  • КОМУЗ  КҮНҮ ЖАМУДА