AVN







ЖАМУ СПОРТЧУ СТУДЕНТИН САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛДЫ

ЖАМУ СПОРТЧУ СТУДЕНТИН САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛДЫ
 Sep 10, 2019  751

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жалпы жамааты Кореяда өткөн жоокердик өнөр боюнча дүйнөлүк оюндарында 2 коло медалга ээ болгон студенти Элдияр Сексенбаевди  салтанаттуу тосуп алды.

Иш-чарада окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов, спортчуга Кыргызстандын желегин желбиретип,  өлкөнүн намысын коргоп келгендигине ыраазычылык айтып, окууларына ийгиликтерди каалады. “Сени чоң жеңиштерге даярдап, ийгиликке жеткизген машыктыруучуларыңа рахмат. Биз сага чапан жапсак, сен бизге сыймык жаптың” – деди ректор.

Э. Сексенбаев ЖАМУнун дене тарбия кафедрасында 4-курста билим алат. Мелдеш 30-августтан 6-сентябрга чейин Түштүк Кореяда өтүп, Кыргызстандын намысын 6 спортчу коргогон. Э. Сексенбаев 70 кг салмакта спорттун алыш күрөш жана казак күрөшү боюнча күч сынашкан.

  • ЖАМУ СПОРТЧУ СТУДЕНТИН САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛДЫ
  • ЖАМУ СПОРТЧУ СТУДЕНТИН САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛДЫ
  • ЖАМУ СПОРТЧУ СТУДЕНТИН САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛДЫ
  • ЖАМУ СПОРТЧУ СТУДЕНТИН САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛДЫ