AVN







А.Т МАМЫРАЛИЕВА КАНДИДАТТЫК ДИССЕРТАЦИЯСЫН КОРГОДУ

А.Т МАМЫРАЛИЕВА КАНДИДАТТЫК ДИССЕРТАЦИЯСЫН КОРГОДУ
 Jul 19, 2019  721

Финансы жана кредит кафедрасынын ага окутуучу Мамыралиева Айнагул Тураматовна кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду.

 

Диссертацияны коргоо К.Ш.Токтомаматов атындагы илимий изилдөөлөр, иштелмелер жана инновациялар борборунда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин, Ош мамлекеттик университетинин жана Тажик улуттук университетинин алдындагы экономика илимдеринин кандидаты окумуштуулук илимий наамын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча К.08.17.564 мамлекеттер аралык диссертациялык кеңешинин отурумунда болуп өттүү.

МАМЫРАЛИЕВА АЙНАГҮЛ ТУРАМАТОВНАНЫН ТЕМАСЫ:“РЫНОК ЭКОНОМИКАСЫ ШАРТЫНДА НЕГИЗГИ МАКРОЭКОНОМИКАЛЫК ПАРАМЕТРЛЕРДИН АРАСЫНДАГЫ ӨЗ АРА БАЙЛАНЫШТАРДЫ ЭКОНОМИКАЛЫК-МАТЕМАТИКАЛЫК МОДЕЛДӨӨ (КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИСАЛЫНДА), адистик: 08.00.13  “Экономиканын математикалык жана инструменталдык методдору”

Диссертациялык жумуш Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Финансы жана кредит” кафедрасында аткарылды.

Илимий жетекчи: экономика илимдеринин доктору, профессор Култаев Топчубай Чокоевич.

ИЗИЛДӨӨНҮН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ

Диссертациялык иштин актуалдуулугу: Учурдагы ааламдаштыруу шарттарында, дүйнөлүк экономикадагы татаал өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүүсүнө да түздөн-түз таасир этет.

Мындай шартта, биринчи орунга макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн өз ара аракеттенүүсүн эске алуу менен экономиканы башкаруунун жаңы формаларын жана механизмдерин колдонуунун негизинде оптималдуу, тең салмактуу экономикалык өсүүгө жетишүү маселеси келип чыгат.

Тандалып алынган теманын актуалдуулугу төмөндөгү жагдайлар менен шартталган:

Биринчиден, чектелген жаратылыш, өндүрүштүк ресурстар шарттарында, туруктуу жана тең салмактуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу үчүн, өндүрүштүн факторлорунун таасирин жогорулатуу зарыл. Азыркы учурда өлкөнүн экономикалык өсүүсү өндүрүш факторлорун жана алардын өз ара байланышын эске алуу менен эффективдүү пайдаланууга багытталган эмес деп айта алабыз. Ал дүйнөлүк экономикада акыркы жылдары болуп жаткан биздин өлкө үчүн жагымдуу рыноктук шарттарга байланыштуу болууда.

Экинчиден, интенсивдүү экономикалык өсүү жана өндүрүш факторлорун эффективдүү пайдалануу үчүн өсүүдөгү экономикалык көйгөйлөрдү алып чыгуу жана өндүрүш факторлорун колдонуу, алардын өсүү деңгээлинин критерийлерин аныктоо жана өндүрүш факторлорунун өсүүсү үчүн инвестициялоону стимулдаштыруунун системалык методдорун издөөнүн объективдүү зарылчылыктары келип чыгат.

Үчүнчүдөн, дүйнөлүк экономиканы ааламдаштыруу шарттарында, Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсү көптөгөн көйгөйлөр менен бет келүүдө. Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүүсү эл аралык эмгекти бөлүштүрүүдөгү төмөнкү атаандаштыкка туруктуулук шарттарында, экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрдүн алдында кошумча чийки затка (в сырьевой придаток) айланусуна алып келиши мүмкүн. Бул, айрыкча, ЕАЭС рыногунун жашоо шарттарында сезилүүдө.

Ааламдашуу шартында кайсы өлкөлөр сапаттуу адам ресурстарына жана негизги капиталга ээ болсо, атаандаштыкта артыкчылык жарата алат.

Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар сырткы жана ички шарттардын таасири астында макроэкономикалык параметрлердин өз ара аркеттенишүүсүн эске алуу менен экономикалык өсүүнү изилдөөнүн актуалдуулугун тастыктайт.

Диссертациялык теманын ири илимий программалар жана негизги илимий-изилдөө иштери менен болгон байланышы: бул жумуш “Финансы жана кредит” кафедрасынын “Кыргыз Республикасынын социалдык - экономикалык өнүгүүсү” деп аталган илимий темасынын чегинде аткарылды.

Изилдөөнүн максаты жана маселелери: Диссертациялык жумуштун максаты, макроэкономикалык параметрлердин өз ара байланышынын экономикалык динамикасынын эконометрикалык методологиясын өнүктүрүү, болжолдоо жана талдоо үчүн экономикалык-математикалык инструментарийди түзүү, Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өсүүсүнө шарттарды түзүүгө максатталган, өлкөнүн мамлекеттик экономикалык саясаты үчүн сунуштарды даярдоо болуп саналат.

Коюлган максатка жетүү, төмөндөгү маселелердин чечилишин талап кылат:

1. Туруктуу экономикалык өсүүдөгү макроэкономикалык параметрлердин өз ара аракеттенишүүсүн эсепке алуу менен, экономикалык өсүүнүн методдорун жана моделдерин иштеп чыгуу боюнча жана экономикалык өсүүнүн изилдөөлөрүн талдоонун негизинде, методологиялык мамилелерди түзүү.

2. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүнүн мисалында туруктуу экономикалык өсүүнү моделдештирүүнүн жалпы жоболорун конкреттештирүү.

3. Эконометрикалык жана статистикалык методдорду жана моделдерди пайдалануу менен Кыргызстандын экономикалык өсүүсүнүн перспективасына жана тенденциясына, учурдагы абалына карата талдоо жүргүзүү.

  • А.Т МАМЫРАЛИЕВА КАНДИДАТТЫК ДИССЕРТАЦИЯСЫН КОРГОДУ
  • А.Т МАМЫРАЛИЕВА КАНДИДАТТЫК ДИССЕРТАЦИЯСЫН КОРГОДУ
  • А.Т МАМЫРАЛИЕВА КАНДИДАТТЫК ДИССЕРТАЦИЯСЫН КОРГОДУ
  • А.Т МАМЫРАЛИЕВА КАНДИДАТТЫК ДИССЕРТАЦИЯСЫН КОРГОДУ