AVN

ЖАМУнун Ардактуу профессору, х.и.к. Ч.Ш.Исмаилова студенттер менен жолугушту

ЖАМУнун Ардактуу профессору, х.и.к. Ч.Ш.Исмаилова студенттер менен жолугушту
 Jun 27, 2019  725

Химия илимдеринин кандидаты, ЖАМУнун Ардактуу профессору Исмаилова Чынара Шаймерденовна Табигый-техникалык факультетинин «Химия» кафедрасынын студенттери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда ал химия адистигинин башка адистиктерден өзгөчөлүгү, окутуунун учурдагы көйгөйлүү маселелерине токтолуу менен студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берди. Жолугушуунун аягында жазгы семестрди ийгиликтүү аяктаган, окууда жана коомдук иштерде мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен 5 студентке, атап айтканда предметтик олимпиадаларда,  илимий-практикалык конференцияларда алдыңкы орундарды ээлеген Х-1-17 тайпасынын студенттери А. Абдувахабов, Н.Маданбекова,  Х-1-16 тайпасынан К.Абдукахарова, Ю.Абдуллаева жана Х-1-18 тайпасынын студенти А.Курбановаларга өзүнүн стипендиясын тапшырды.

Ч.Ш.Исмаилова атындагы стипендия бир жылда эки жолу кышкы жана жазгы семестрдин жыйынтыгы менен химия адистигинде окуган  эң алдыңкы студенттерге берилип турмакчы – дейт кафедра башчысы Нуржан Арстанбекова.

  • ЖАМУнун Ардактуу профессору, х.и.к. Ч.Ш.Исмаилова студенттер менен жолугушту