AVN







КЫРГЫЗСТАНДЫН ИЛИМДЕГИ ЖАНА ТЕХНИКАДАГЫ АЙЫМДАРЫ

КЫРГЫЗСТАНДЫН ИЛИМДЕГИ ЖАНА ТЕХНИКАДАГЫ АЙЫМДАРЫ
 Jun 11, 2019  732

Бишкек шаарында  «Роза Отунбанванындемилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан уюшулган «Кыргызстандын илимдеги жана техникадагы айымдары» аттуу форум болуп өттү.

         Бул форумга Кыргызстандын экономикасына олуттуу салым кошуп, так илимдер же STEM багытында топ жарган атактуу кыргыз айымдары менен учурда  «Роза Отунбанванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун STEM тармагына кыз келиндерди тартуу максатында алдынкы жаңычыл технологияларды жаратуу багытында жүргүзгөн кароо сынактын жеңүүчүлөрү дагы келип катышышты.

Кароо сынактын жеңүүчүсү болуп табылган К.А.Кокумбаева жетектеген  долбоордун темасы “АСКУЭ- электр энергиянын сапаты жана эсеби боюнча ачык-айкын чечим”. Долбоордун катышуучулары: К.А.Кокумбаева, К.М.Токтосопиева жана студент кыздар.

Форумга  ЖАМУнун “Энергия булактары, электроэнергетикалык системалар жана механика” кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Кокумбаева Күлүмкан жана ЭЭСС-1-15 тайпасынын студенти  Борубаева Жанара катышып келишти.

  • КЫРГЫЗСТАНДЫН ИЛИМДЕГИ ЖАНА ТЕХНИКАДАГЫ АЙЫМДАРЫ
  • КЫРГЫЗСТАНДЫН ИЛИМДЕГИ ЖАНА ТЕХНИКАДАГЫ АЙЫМДАРЫ
  • КЫРГЫЗСТАНДЫН ИЛИМДЕГИ ЖАНА ТЕХНИКАДАГЫ АЙЫМДАРЫ
  • КЫРГЫЗСТАНДЫН ИЛИМДЕГИ ЖАНА ТЕХНИКАДАГЫ АЙЫМДАРЫ