AVN







Табигый –техникалык факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө ак жол!

Табигый –техникалык факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө ак жол!
 Jun 11, 2019  845

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Ак жол сага бүтүрүүчү” аттуу  бүтүрүүчүлөрдүн кечеси болуп өттү. Мында университеттин ар бир факультет, колледждеринен бүтүрүүчүлөрдүн мыктылары келип катышты. Окуудагы, илимий конференциялардагы, олимпиадалардагы жакшы ийгиликтери үчүн  жана коомдук иштерде активдүүлүгүн көрсөткөн ТТФнын студенттери ректор тарабынан ЖАМУнун диплому менен сыйланышты. Булар: Б-1-15 тайпасынан Кубанычбек кызы Мунара. Х-1-15 тайпасынан Якубжанова Мухлиса, ЭЭСС-1-15 тайпасынан Кубатбек уулу Бекжан, ЭСк-1-15 тайпасынан Бактыбеков Мыктыбек Бактыбекович, Вет-1-15 тайпасынан Абанов Жылдыз Адылович, Г-1-15 тайпасынан Абдуллаев Дамир.

Жалпы бүтүрүүчүлөрдү ЖАМУнун ректору, декандар жана колледждин директорлору куттуктап, жакшы каалоо тилектерин айтышты.

Биология адистигинин бүтүрүүчүлёрү балапандардын жетилип уядан  учуп жаткандыгын чагылдырган канаттуулардын бийин тартуулашты.

ТТФнын бүтүрүүчүлөрү тарбия иштери боюнча орун басары А.С. Болотованын идеясын колдоп бул кечеге жоопкерчиликтүү даярданып келишти. Ар бири «Бүтүрүүчү ТТФ» лентасын жана өз адистигине ылайык эмблемаларды тагып келишти. А.С. Болотова өз сөзүндө, быйылкы бүтүрүүчүлөр өзгөчө экендигин, булардын арасында таланттуу, шыктуу, өжөр, өз сөзүн так, таамай сүйлөгөн, өздөрүнүн миссиясын так билген, ТТФнын көркү жана сыймыгы болгон спортчу (шахмат, волейбол, футбол), ырчы, бийчи, КВНчи, олимпиадчик студенттер бүтүп жаткандыгын белгиледи. Студенттердин бир жагынан бүтшүп жаткандарына кубанамын, бир жагынан ичим ачышат. Биздин балдарга ийгилик каалаймын. Турмушта өз ордун тапкан, аларга түшүнүктүү, колдоп таяп турган өмүрлүк жарлар насип этсин. Ушундай сапаттарынан жазбай кайсы жерде болбосун жасаган эмгеги менен кудайым берген таланттары менен элге кызмат кылып жүрүшсүн! 

  • Табигый –техникалык факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө ак жол!
  • Табигый –техникалык факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө ак жол!
  • Табигый –техникалык факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө ак жол!
  • Табигый –техникалык факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө ак жол!
  • Табигый –техникалык факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө ак жол!