AVN







ХИМИКТЕР ПРАКТИКАЛАРЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ

ХИМИКТЕР ПРАКТИКАЛАРЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ
 Jun 4, 2019  755

  • Табигый-техникалык факультетинин химия  кафедрасында  Х-1-17 жана Х-1-18 тайпасынын адаптациялык жана өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу отчеттук конференциясы болуп өттү. Конференцияга кафедра башчы п.и.к.,д оцент Арстанбекова Нуржан, кафедранын практика иштери боюнча жооптуусу Маматураимова Н. А. жана практика жетекчилери Сатканкулова М. Э., Болотбеков А.О. жана 4-курстун  студенттери катышышты.

         Адаптациялык практика учурунда 2-курстун студенттери шаарда жайгашкан мектептерде болушту. Өндүрүштүк практика учурунда 1-2-курстун студенттери  Н.А. Маматураимованын жетекчилиги астында Жалал-Абад шаарынын  ичинде жайгашкан өндүрүштүк ишканалардын лабораториялары менен таанышып келишти. Мындан сырткары Х-1-17 тайпасы Кочкор-Ата шаарчасында жайгашкан “Кыргызнефтегаз” ишканасы, Ош областындагы “Кондитердик фабриканын” жана “Санитардык эпидемиологиялык борбордун” иштөө принциптери менен таанышып  келишкенин айтат кафедра башчысы Н. Арстанбекова.

 Практика боюнча отчетторду тапшыруу учурунда студенттер мектептерде өткөн химиялык, тарбиялык ачык сааттарынан жана завод ишканаларда болгон таанышуулардан фрагменттерди, көргөзмө  куралдарды көрсөтүшүп,  барган ишканалары  боюнча презентация жасашты. Практика учурунда тайпалардын практика жетекчилери студенттерге методикалык жардамдарды көрсөтүшүп мектептерге барып сабактарга катышып турушкан. 

  • ХИМИКТЕР ПРАКТИКАЛАРЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ
  • ХИМИКТЕР ПРАКТИКАЛАРЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ
  • ХИМИКТЕР ПРАКТИКАЛАРЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ
  • ХИМИКТЕР ПРАКТИКАЛАРЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ
  • ХИМИКТЕР ПРАКТИКАЛАРЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ
  • ХИМИКТЕР ПРАКТИКАЛАРЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ
  • ХИМИКТЕР ПРАКТИКАЛАРЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ
  • ХИМИКТЕР ПРАКТИКАЛАРЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ