AVN







БЕКБОЕВДИК ОКУУЛАР ЖАМУДА

БЕКБОЕВДИК ОКУУЛАР ЖАМУДА
 Jun 3, 2019  803

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында КРнын Эл мугалими, улуу педагог Бекбоев Исак Бекбоевичке арналган «Бекбоевдик окуулар - 2019 алкагында: Коомду санариптештирүүнүн билим берүүгө таасири» аталыштагы Республикалык деңгээлде илимий – практикалык конференция өткөрүлдү.

Конференцияга Кыргыз билим берүү академиясынын, И.Арабаев атындагы, Нарын, Талас, Ош мамлекеттик, Ош технологиялык университеттеринин, Ош гуманитардык педагогикалык институтунун профессордук-окутуучулары, ЖАМУнун профессордук – окутуучулук курамы жана студенттер катышышты.

Конференция 2 бөлүктөн турду:

 

1.Пленардык жыйын

 

2.Секциялык иштер

 

Конференция  модератор ЖАМУнун илимий иштер боюнча проректору ф-м.и.д., профессор К.С.Алыбаевдин сөзү менен ачылды. ЖАМУнун ректору т.и.д., профессор К.Ж.Усенов конференциянын катышуучуларын куттуктап улуу педагог И.Бекбоевдин өмүр таржымалы тууралуу сөз сүйлөп конференциянын жүрүшүнө ийгиликтерди каалады. И.Б.Бекбоевдин замандашы т.и.д., профессор М.Ю.Абдылдаев куттуктоо сөзүн айтып, И.Бекбоев менен чогуу окуган жылдарын эскерди. Пленардык жыйында төмөндөгүдөй илимий баяндамалар жасалды:

1-баяндама: Алымкулов К.А. ф-м.и.д., профессор УИА корреспондент-мүчөсү «Санариптештирүү - билим жана экономика»

2-баяндама: Панков П.С. ф-м.и.д., профессор УИА корреспондент-мүчөсү «История развития понятия «информационный субъект»»

3-баяндама: Торогельдиева К.М. п.и.д., профессор И.Арабаев атындагы КМУ «Жаңы муундагы математика окуу китептерин түзүү маселелери боюнча КРнын эл мугалими, профессор И.Б.Бекбоевдин илимий изилдөөлөрүнүн айрым аспектилери»

4-баяндама: Алиев Ш.А. п.и.д., профессор И.Арабаев атындагы КМУ «И.Бекбоевдин илим изилдөө ишмердүүлүгү жана мурасы»

5-баяндама: Сияев Т.М. п.и.д., профессор НМУнун ректору «Улуу инсан, залкар окумуштуу И.Б.Бекбоев»

6-баяндама: Алимбеков А. п.и.д., профессор КТУ «Манас» «Кыргызстандын билим берүү системасын илимий педагогикалык жактан камсыздоодо И.Бекбоевдин орду»

7-баяндама: Рысбаев С.К. п.и.д., профессор, КББА «Кыргыз тилин үйрөтүүнүн заманбап технологиялары»

8-баяндама: Аттокурова А.Ж. п.и.к., доцент, ОШМУ «Заманбап педагогду даярдоо: академик И.Бекбоевдин жана профессор М.Назаровдун математика мугалиминин кесиптик сапаттары жөнүндө көз караштарынын системасын анализдөөнүн жыйынтыгы»

Конференциянын катышуучулары тарабынан суроолор берилип сунуштар айтылды. Ал эми секциялык бөлүгүндө 12 секция иш алып барып 166 илимий баяндама окулду. «Эң мыкты» деп табылган илимий баяндамачылар университет тарабынан I,II,III даражадагы дипломдор жана КББАсынын «Ардак грамотасы» менен сыйланышты.

Конференциянын жыйынтыгында «Бекбоевдик окууларды» өткөрүү жана анын мааниси боюнча резолюция кабыл алынды.

  • БЕКБОЕВДИК ОКУУЛАР ЖАМУДА
  • БЕКБОЕВДИК ОКУУЛАР ЖАМУДА
  • БЕКБОЕВДИК ОКУУЛАР ЖАМУДА
  • БЕКБОЕВДИК ОКУУЛАР ЖАМУДА
  • БЕКБОЕВДИК ОКУУЛАР ЖАМУДА
  • БЕКБОЕВДИК ОКУУЛАР ЖАМУДА
  • БЕКБОЕВДИК ОКУУЛАР ЖАМУДА