AVN







ЖӨНДӨМДҮҮ СТУДЕНТТЕР ИШ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУШАТ

ЖӨНДӨМДҮҮ СТУДЕНТТЕР ИШ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУШАТ
 Jun 3, 2019  852

Экономикалык - юридикалык факультетинин финансы жана кредит кафедрасынын жамааты  иш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушууга  Улттук банктын Жалал-Абад облустук филиалынын башкы адиси Тиллебаева Г., ЖАК “Оптима Банктын” Жалал-Абад филиалынын директору  Паизов Жаркынбек, ЖАК "Бай Түшүм Банк"нын Жалал-Абад филиалынын башкы эсепчиси  Мамасалиева Айнагүл катышышты. Иш берүүчүлөр менен финансы жана кредит кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент Карбекова А.Б. жана кафедранын профессордук-окутуучулук жамааты пикир алышып, бүтүрүүчүлөрдү ишке жайгаштыруу, аларды даярдоодогу компетенциялар, талаптар тууралуу сүйлөшүштү.

Иш берүүчүлөр бүтүрүүчүлөрдү жумушка алууда 2 жылдан кем эмес  эмгек стаждарын талап кылынган, азыркы учурда  кызматкерлердин тез алмашып жаткандыгына байланыштуу мурункудай эмгек стажы деле талап кылынбай жаткандыгын, окууну ийгиликтүү аяктаган, жөндөмдүү бүтүүчүлөрдү ишке ала тургандыктарын белгилеп кетишти. Бош жумуш орундары болгон  учурда конкурс жарыялап, конкурстун негизинде  тестти жакшы тапшырган  жогорку курстун студенттерин да ишке ала тургандыктарын кошумчалашты.

"Финансы жана кредит" кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент Карбекова А.Б. сөз сүйлөп, бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу азыркы учурда адистерди даярдоонун негизги талабы болгондуктан эки тараптуу иш алып баруу, кызматташуу оң натыйжаларды берет деген ишеничтемин, мындан ары дагы биздин кафедра менен тыгыз байланышта болуу керектигин баса белгилеп өттү.

  • ЖӨНДӨМДҮҮ СТУДЕНТТЕР ИШ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУШАТ
  • ЖӨНДӨМДҮҮ СТУДЕНТТЕР ИШ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУШАТ
  • ЖӨНДӨМДҮҮ СТУДЕНТТЕР ИШ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУШАТ