AVN







ЖАМУ “АК ЖОЛ” РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОРУНДА

ЖАМУ “АК ЖОЛ” РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОРУНДА
 Jun 1, 2019  687

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Жалал-Абад областтык “Ак жол” реабилитациялык борбордо тарбияланып жаткан балдарды куттуктап, белектерди ыйгарышты.

Жалал-Абад областтык “Ак жол” реабилитациялык борбордо жалпы 20 бала тарбияланышат. Алардын жашаган жерине ыңгайлуу шарт түзүү максатында ЖАМУнун жалпы жамааты борбордун ашканасын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн акчалай белек тапшырылды.

Окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов балдарды майрамы менен куттуктап, кең келечек каалап өттү. “Сиздер менен буга чейин да тыгыз байланышта болуп, жардамдарды берип келебиз. Мындан кийин дагы иштешип, балдардын келечеги үчүн бирге кам көрөбүз” – деген оюн билдирди.

Тармактар

Кызматкерлердин саны

Чогулган сумма

1

ПМТФ

94

7900 сом

2

ФФ

79

6000 сом

3

МФ

102

8150 сом

4

ЭЮФ

30

2320 сом

5

ТТФ

57

4420 сом

6

ЖАК

218

12220 сом

7

Мед кол

102

4300 сом

8

АУП

78

7820 сом

9

Баары

760

53130 сом

  • ЖАМУ “АК ЖОЛ” РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОРУНДА
  • ЖАМУ “АК ЖОЛ” РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОРУНДА
  • ЖАМУ “АК ЖОЛ” РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОРУНДА
  • ЖАМУ “АК ЖОЛ” РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОРУНДА