AVN







"ДОСТУК ОРДОСУ" ФЕСТИВАЛЫ

 May 31, 2019  668

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына  жана медицина факультетине чет өлкөлүк студентердин кабыл алынгандыгына 5 жыл толгондугуна карата "Достук ордосу" аттуу фестиваль болуп өттү. Бул фестиваль кыргыз тили жана кыргыз, дүйнөлүк элдер адабияты жана журналистика кафедраларынын башчылары ф.и.к., доцент Г.Бакированын, ф.и.к., доцент Д.Чокоеванын жетекчилиги астында уюштурулду жана жогоруда аталган кафедралардын окутуучулары  А.Адыкулова, Г.Каленбекова чет өлкөлдөн келген студенттер менен педагогика факультетинин тарых адистигинин студенттерин чогуу даярдашты.

         Иш-чарага ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы ф.и.д., прфессор К.Калчакеев, Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Махабат Жумаева, кыргыз тили кафедрасынын профессору И.Абдувалиев жана башка коноктор катышты.

         Иш-чаранын жүрүшүндө чет өлкөлүк студенттер Ч.Айтматовдун учкул сөздөрүнөн айтышып "Жамийла", "Ак кеме" повесттеринен кыскача үзүндүлөрдү  аткарып беришти. Икаңши Синх "Жүрөгүм", Мохаммад Шадаб "Суунун боюнда" ырларын мыкты аткарышты.  Мохаммад Шадабдын "Жамийла" повестиндеги Сейиттин ролун аткарганын иш-чарага келген коноктор эң жакшы аткарылды деп баалашты жана студенттердин кыргыз тилин жакшы өздөштүргөндүгүн  айтып өтүштү.

         Иш-чаранын уюштуруучулары А.Адыкулова, Г.Каленбекова бул фестивалды уюштуруунун максаты чет өлкөлүк студенттерди кыргыз тилин мыкты өздөштүрүүсүнө, кыргыз элинин маданиятына, улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун чыгармаларына кызыктыруу - деп билдирди.