AVN

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Н. Кадырбеков ЖАМУда

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Н. Кадырбеков ЖАМУда
 Sep 12, 2017  1079

2017-жылдын 9-сентябрында Жалал-Абад шаарынын 140 жылдыгына карата “Жалал-Абадга жаштардан белек” аталышындагы семинардын программасына ылайык ушул эле күнү ЖАМУнун чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы, белгилүү акын-жазуучу “Ант”, “Япон кереметинин сыры” китептеринин автору Нуржигит Кадырбеков менен “Ыйман жана маданият” темасында маанилүү семинар жолугушуу өттү. Жолугушууда коомдогу жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө жана маданияттуулукка чакыруу менен бирге ааламдашуу алкагында жаштардын коомдогу оорду, өлкөбүздүн өнүгүүсүндө кошкон салымы жөнүндө, жашоодогу мативациялары, позитивдүү ой жүргүзүү, дүйнө таанымынын кеңдиги заман талабы экендигин баса белгиледи. Ошону менен бирге өлкөбүздөгү саясий-экономикалык, руханий, социалдык иш-чаралардын абалы жаштардын колунда, келечек жаштардын колунда. Студенттер активдүү катышышып кызыгуу менен угуп олтурушту жана суроолорду беришип татыктуу жоопторду алышты.

  • “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Н. Кадырбеков ЖАМУда