AVN







ГЕОГРАФТАР ОКУУ-ТАЛАА ПРАКТИКАСЫНДА

ГЕОГРАФТАР ОКУУ-ТАЛАА ПРАКТИКАСЫНДА
 May 30, 2019  566

Табигый-техникалык факультетинин «География» кафедрасында  Г-1-16, Г-1-17, Г-1-18 тайпаларында “Зона аралык” окуу-өндүрүштүк практикасын  (Г-1-16), “Геоморфология, топография” предметтери боюнча профессионалдык-базалык окуу талаа практикасын (Г-1-17) жана  профессионалдык-базалык окуу-талаа практикасын (Г-1-18) жыйынтыктоочу конференция болуп өттү. Бул тууралуу “География” кафедрасынын башчысы б.и.к., дорцент             Н.С. Жунусов кабарлады.

      Г-1-16 тайпасынын студенттери Жалал-Абад шаарынын өндүрүш ишканаларында, атап айтсак №1 Кыш заводу, “Нур” АК, “Келечек” АК, ошондой Талас, Чүй, Ысык-Көл областтарынын аймактарында болуп келишти.  Г-1-18 жана Г-1-17 тайпаларынын студенттери Жалал-Абад курортунда, Кара-Алма токой чарбасында, Арстанбап жаңгак токоюнда практикада болушту – деп билдирди Н.С.Жунусов.

     Конференцияга ЖАМУнун Өндүрүштүк практика бөлүмүнүн башкы адиси Н.Жолдошалиева катышып, практика жөнүндө жакшы сөздөрүн айтуу менен, практикаларга болгон көңүл бурууну мындан да жогорулатуу керек деген оюн билдирди.

    Конференциянын жүрүшүндө ар бир тайпадан бирден студент отчёттук слайд  даярдап, практиканын жүрүшү боюнча презентация жасашты.

 Жыйынтыгында  кафедранын практика жетекчиси А.Ж.Керимбековага  практиканын отчёттору, күндөлүктөр, барып келген аймактын маршруттук  картасы жана  ар бир тайпанын фото альбомдору тапшырылды.

  • ГЕОГРАФТАР ОКУУ-ТАЛАА ПРАКТИКАСЫНДА
  • ГЕОГРАФТАР ОКУУ-ТАЛАА ПРАКТИКАСЫНДА
  • ГЕОГРАФТАР ОКУУ-ТАЛАА ПРАКТИКАСЫНДА