AVN







КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛКТҮ КАМСЫЗДАНДЫРУУ БОЮНЧА АЧЫК САБАК ӨТҮЛДҮ

КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛКТҮ КАМСЫЗДАНДЫРУУ БОЮНЧА АЧЫК САБАК ӨТҮЛДҮ
 May 30, 2019  742

Экономикалык-юридикалык факультетинин «Финансы жана кредит» кафедрасынын окутуучусу Мусакулов Нурбек «Финансы» сабагынан «Страхование и страховой рынок» деген темада 2-курстарга ачык сабак өттү. Бул сабак негизинен студенттердин Финансы предметине, өзгөчө учурда Кыргыз Республикасында актуалдуу болгон “Камсыздандыруу, Камсыздандыруу рыногуна” болгон кызыгуусун арттыруу максатында интерактивдүү ыкмаларды колдонуу менен өткөрүлдү.

Сабакка БЭк-1-17 тайпасынын студенттери катышышты. Студенттер бир жыл бою үйрөнгөн билимин колдонуп, камсыздандыруу жөнүндө ырларды окушту жана видео-роликке күбө болушту, жеке жана мүлктүк камсыздандыруунун түрлөрү боюнча кластерлерди түзүшүп, жеке тапшырмаларды аткарышты– дейт Н.Мусакулов.

Мындай сабактардын өткөрүлүп туруусу студенттердин кесибине болгон кызыгуусун арттыруу менен бирге, камсыздандыруу ыкмаларын колдонууну, тобокелчилик учурларды талдоо жөндөмдүүлүгүн өстүрүүгө пайдалуу. Сабакка аталган кафедранын кафедра башчысы жана окутуучулары ошондой эле факультеттин окуу-усулдук иштери боюнча өкүлү катышышып, өз ойлорун айтышты.

  • КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛКТҮ КАМСЫЗДАНДЫРУУ БОЮНЧА АЧЫК САБАК ӨТҮЛДҮ