AVN







РЕКТОРДУН КУБОГУНА АТ САЛЫШЫШТЫ

РЕКТОРДУН КУБОГУНА АТ САЛЫШЫШТЫ
 May 28, 2019  837

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  факультет , колледждерде кафедралар  аралык “Даанышман”  интеллектуалдык оюну педагогика  маалымат жана технологиялык факультетинин чоң жыйындар залында болду.   Аталган оюн буга чейин өткөрүлүп келген.  Бул жолу жаштар ректордун кубогу үчүн ат салышышып, анда 7 команданын ортосунда таймаш жүрдү.

Жаштар комитетинин иш планы боюнча жыл бою факультет, колледждер, кафедралар аралык “Даанышман” интеллектуалдык оюну болуп, мыктылары тандалган. Алар: ПМТФ-Ынтымак, ФФ-Прогресс, ТТФ-Биримдик, ЭЮФ-Жаш канат, ЖАК-Достук, МК-Кут билим, МФ-Улукман. Жыйынтыгында 3-орунду Прогресс, 2-орунду Кут билим, 1-орунду Жаш канат командалары  алды. Ал эми "Ой өрүшү кенен студент"- номинациясына Кут билим командасынын оюнчусу Акматов Жумабек ээ болду.

  • РЕКТОРДУН КУБОГУНА АТ САЛЫШЫШТЫ
  • РЕКТОРДУН КУБОГУНА АТ САЛЫШЫШТЫ
  • РЕКТОРДУН КУБОГУНА АТ САЛЫШЫШТЫ
  • РЕКТОРДУН КУБОГУНА АТ САЛЫШЫШТЫ
  • РЕКТОРДУН КУБОГУНА АТ САЛЫШЫШТЫ