AVN







ПРАКТИКАНЫН ОТЧЕТУ ТАПШЫРЫЛДЫ

ПРАКТИКАНЫН ОТЧЕТУ ТАПШЫРЫЛДЫ
 May 24, 2019  700

Табигый-техникалык факультетинин    «География»  кафедрасында 2019-жылдын 22-майында  Г-1-15 тайпасынын  «Профессионалдык-профилдик педагогикалык» практикасын,  ал эми   Г-1-17 тайпасынын  «Адаптациялык-педагогикалык»  практикасын жыйынтыктоочу конференция болуп  өттү.

     Аталган конференцияга өндүрүштүк практика бөлүмүнүн башкы адиси Н.С.Жолдошалиева, б.и.к., доцент А.Токторалиев, улук окутуучу А.К.Мамытова, “География” кафедрасынын практика жетекчиси А.Керимбековалар  катышышты.

      Экинчи курстун студенттери адаптациялык-педагогикалык практикада болгон окуялары  жөнүндө ой бөлүшүп, отчеттук слайддарын  көрсөтүштү.

     Г-1-15 тайпасынын студенти Пусурова сабактын  фрагментин көрсөтүп, З.Каримова отчеттук слайд тартуулады.

     Конференциянын жыйынтыгында студенттердин отчеттору жана слайддары практика жетекчи А.К.Керимбековага тапшырылды.

    

  • ПРАКТИКАНЫН ОТЧЕТУ ТАПШЫРЫЛДЫ
  • ПРАКТИКАНЫН ОТЧЕТУ ТАПШЫРЫЛДЫ