AVN

КР УИАНЫН АКАДЕМИГИ АБДЫГАНЫ ЭРКЕБАЕВ ЖАМУДА

КР УИАНЫН АКАДЕМИГИ АБДЫГАНЫ ЭРКЕБАЕВ ЖАМУДА
 May 23, 2019  769

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эмгек жамааты жана студенттери менен Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Абдыганы Эркебаевдин  жолугушуу кечеси болуп өттү.

Жолугушуу кечеде, Кыргыз Республикасынын УИАнын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор, Мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин экс-төрагасы А. Эркебаев окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, корпустары жана жетишкен ийгиликтери менен таанышты. Жолугушуу кечеси уюштурулуп,   катышуучулары менен эркин баарлашып, жетишкен ийгиликтери жөнүндө ой бөлүштү. Жаштардын окууларына ийгилик каалап, терең билим алып,  өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон жаштар тарбияланып  жатат деген оюн айтты.

А. Эркебаев өз калемине таандык бир топ китептерин университеттин китепканасына белекке берди жана  “Азаттыктын азаптуу жолу” аттуу китеби жөнүндө кеңири маалымат берилип, агай, эжейлер жана студенттер каарманга кызыккан суроолорун беришти.

Университеттин окуу иштери боюнча проректору, техника илимдеринин доктору, профессор Алибаев Атабек конокко каалоо-тилектерин билдирип, ЖАМУнун ардактуу профессору экенин баса белгилеп, Жалал-Абад мамлекеттик университети менен тыгыз байланышта болуп туруусун айтып, ага белекке университеттин 95 жылдыгына арналып чыгарылган китепти белекке ыйгарды.

  • КР УИАНЫН АКАДЕМИГИ АБДЫГАНЫ ЭРКЕБАЕВ ЖАМУДА