AVN







"КЫРГЫЗСТАН КАРДИОХИРУРГИЯСЫ: КЕЧЭЭ, БҮГҮН ЖАНА ЭРТЕҢ”

 May 22, 2019  610

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медицина факультети жана Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борбору (ТАЖКХИБ) менен бирге "Кыргызстан кардиохирургиясы: кечээ, бүгүн жана эртең” аттуу эл аралык илимий-практикалык жыйын өткөрдү. Жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жыл – региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылы программасынын алкагында болгон.

Конференцияга чет мамлекетен илимпоздор келди, жана профессор Туфан Бахроми Королевский госпиталь Бромтона жана Хаефилда (Лондон) онлайн лекция өткөрдү, суролорго скайп аркылуу жооп берди. Медицина факультетин студентери кол эмгеги менен  жасалган буюмдарын көргөзмөгө коюшту.

Мындай улуу инсандардын басып өткөн жолун, аткарган эмгектерин жаштарга айтып, эскерип турсак  кийинки муун таалим алып, келечекте мыкты инсандардын катары толукталат – дешет уюштуруучулар.

            И.К.Ахунбаев тарабынан биринчи жолу жүрөккө ийгиликтүү операция 1959-жылдын 19-майында жасалган. Бул советтик Чыгышта алгачкылардан болуп жүрөкө жасалган операция болгон. Жүрөктүн түрдүү ооруларын операциялык жол менен дарылоо максатында илимий иштер башталды. Кыргызстандагы жүрөк-кан тамыр хирургиясы медицинанын негизги багыттарынын бири болуп эсептелинет.

             Ушул жылдын 19-майында өлкөбүздүн  биринчи  илимпозу, биринчи жүрөк-кан тамыр хирургу, академик И.К.Ахунбаевдин журөккө биринчи жолу операция жасаганына 60 жыл толду. Кыргызстандагы кардиохирургиянын өнүгүү жана башталышы 1959-жылдардын аяк ченине барып такалат. Бул тармактын өсүүсү илимий-практикалык жаатта  саламатыкты сактоонун мыктысы, белгилүү хирург жана академик И.К.Ахунбаевдин ысымы менен тыгыз байланышта.

               Киинки этап 1976-1984  жылдарга туура келет. 1976 жыл республикалык больницада жүрөк хирургия болүмүү ачылган. 1984 жылы улутук кардиология институттун жүрок хирургия илимий болүмү ачылган, ошол болүмдүн жетекчиси профессор Маралов А.Н., Москвадан көптөгөн кадр даярдады. Алардын бири профессор Абдраманов К.А. 20085  жылы Бишкекте жүрок хирургия институтун уюштурган, башкы мекеме катары түптөгөн. Жалал-Абадда филиал ачты. Анын жетекчилигинде 2012 ж  Түштүк аймактык жүрок кан-тамыр хирургия илимий борбору иштеп баштады. Азыркы күнү өлкөдө 5 жеке менчик 2 мамлекеттик жүрөк хирургия мекеме бар. Өлконүн башкы кардиохирургунун жетегинде тармак алгылыктуу өнүүгүүдө, жаны   борборлор ачылууда, кадрлар даярдалууда, илимий иштер жүргүзүлүүдө. Бүгүн жүрөк хирургиясынын 60 жылдык  юбилейи өтүүдө.