AVN







ХИМИКТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ХИМИКТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
 May 22, 2019  878

Табигый-техникалык факультетинде “Химиктер күнүнө” арналган майрамдык кече өткөрүлдү. Кечеге окутуучулар жана студенеттер катышышты.

Кечени “Химия” кафедрасынын башчысы п.и.к.,доц. Н.Б.Арстанбекова ачып, химиктерди майрамы менен куттуктап,  өз сөзүндө кафедранын жетишкендиктерине кыскача токтолуу менен сөздү конокторго берди. Табигый-техникалык факультетинин деканы т.и.к., доцент   Ж.Б.Шамиев окутуучуларды, студенттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкөнүн өнүгүшүндөгү химиянын ролуна токтолуп, студенттерди терең билим алууга үндөдү, ошондой эле окууда жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерди факультеттин атайын дипломдору менен сыйлады. Куттуктоо сөздөрүн география кафедрасынын башчысы б.и.к., доц. Н.С. Жунусов, ветеринария каф. башчысы, а.ч-и.к. доц. Б.С.Орозбаев, электр жабдуулар каф. башчысы, т.и.к.,доц. Т.Э.Белеков, электр булактары, энергосистемалар жана механика каф. башчысы, т.и.к.,доц. К.А.Кокумбаевалар улантышып, химиктерди майрамы менен куттуктоо менен бирге, алардын  окууларында, иштеринде ийгиликтерди каалашты.

         Андан ары студенттердин күчү менен даярдалган кече менен уланып, анда студенттер химиялык сценкаларды, кызыктуу тажрыйбаларды, ырларды, бийлерди аткарышып, кеченин соңу ЖАМУнун маршы менен аяктады.

         Жыл сайын май айында “Химиктер күнүн” белгилөө Табигый-техникалык факультетинин “Химия” кафедрасынын окутуучулары жана студенттери үчүн салтка айланып калган иш чаралардын биринен болуп эсептелет.

  • ХИМИКТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ХИМИКТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ХИМИКТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ХИМИКТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ХИМИКТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ХИМИКТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ХИМИКТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ХИМИКТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ХИМИКТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ХИМИКТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ХИМИКТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ХИМИКТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ