AVN







МЫКТЫ ПРАКТИКАНТТАР АНЫКТАЛДЫ

МЫКТЫ ПРАКТИКАНТТАР АНЫКТАЛДЫ
 May 17, 2019  709

Жалал-Абад колледжинин «Башталгыч класстарда окутуу» адистигиндеги бүтүрүүчү курстун студенттеринин арасында  «Жүрөгүмдү балдарга арнайм» аттуу кароо-сынак өттү.  Сынакта интеллектуалдык патенциалы бийик, таланттуу,ар тараптан өздөрүнүн чыгармачылыгы менен айырмаланган студенттердин деңгээлине,өнөрүнө, чыгармачыдыгына, мугалимдик имиджди сактай билүүсүнө жараша баа берилип, сынактын катышуучулары өздөрүнүн таланттарын көрсөтүшүп наамдар,  дипломдор, грамоталар менен сыйланды.

Сынак  « Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына карата уюшулуп, анда;

 «Мыкты практикант-2019» 1-даражадагы диплом  менен Шерикбай к Айдай

«Мыкты практикант-2019» 2-даражадагы диплом  менен Омошова Мээрим

«Мыкты практикант-2019» 3-даражадагы диплом  менен Кожоакматова Алина сыйланышты.

Ал эми «Ажарлуу практикант» наамы менен Алимова Айтурган сыйланды жана «Чыгармачыл практикант»  наамына Абабакиров Дурият   ээ болду. Активдүү катышкандыгы үчүн Рахманберди к Дилназа, Калилбекова Айзирек сыйланышты. 

Бул практиканттарга насаатчылык кылып, алардын ишмердүүлүгүнө салымын кошкон окутуучулардан Шерикбай к Айдайнын жетекчиси  Тобокелова Саламат «Мыкты насаатчы» наамы менен сыйланды .

  • МЫКТЫ ПРАКТИКАНТТАР АНЫКТАЛДЫ
  • МЫКТЫ ПРАКТИКАНТТАР АНЫКТАЛДЫ
  • МЫКТЫ ПРАКТИКАНТТАР АНЫКТАЛДЫ