AVN







ПРАКТИКА-ТАКШАЛУУНУН ЫГЫ, ЖОЛУ...

ПРАКТИКА-ТАКШАЛУУНУН ЫГЫ,  ЖОЛУ...
 May 17, 2019  585

ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты профилинин КТ-1-2-16 тайпаларынын кесиптик-базалык, Кт-1-17 тайпасынын студенттеринин адаптациялык-педагогикалык практикасынын жыйынтыгын чыгаруу конференциясы болду. Бул тууралуу кафедранын улуу окутуучусу Ашимбаева Гулбайра кабарлады.

 Кесиптик базалык практика учурундагы студент-практиканттардын ишмердүүлүгүн   байкоо жүргүзүү максатында  « Мыкты ачык сабак»  «Мыкты тарбиялык саат»,  “Мыкты көрсөтмө курал” номинациялары боюнча сынак уюштурулуп, мыктылар аныкталды.

   Экинчи курстун студенттери адаптациялык-педагогикалык практиканын жүрүшүндөгү иш-аракеттери тууралуу айтып беришти.

“Кафедрадан дайындалган усулчу- студент-практикант- мектептен дайындалган усулчу” үч бурчтугунда практика өтөө үчүн тандалган базалык мекемелерден келген кыргыз тили жана адабияты мугалимдери, усулдук бирикмелердин жетекчилери арасында талкуу уюштурулуп, практика учурундагы ийгиликтер жана көйгөйлөр тууралуу ой бөлүштү.

  • ПРАКТИКА-ТАКШАЛУУНУН ЫГЫ,  ЖОЛУ...
  • ПРАКТИКА-ТАКШАЛУУНУН ЫГЫ,  ЖОЛУ...
  • ПРАКТИКА-ТАКШАЛУУНУН ЫГЫ,  ЖОЛУ...