AVN







Жалал-Абад мамлекеттик университетинин колледждеринин студенттеринин арасында предметтик олимпиада өткөрүлдү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин колледждеринин студенттеринин арасында предметтик олимпиада өткөрүлдү
 May 16, 2019  868

 

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Аймактык билим берүү мекемелеринин арасында 2019-жылдын 14-майында ЖАМУнун Кочкор-Ата колледжинде ХI - предметтик олимпиада өткөрүлдү. Олимпиаданы Кочкор-Ата колледждин директору Ихтибар Молдокеримова ачты жана ЖАМУнун илимий иштер боюнча проректору Курманбек Сарманович Алыбаев предметтик олимпиаданын тарыхы, өткөрүүнүн максаты, милдеттери жана билим берүү процессиндеги орду жөнүндө токтолду.

Студенттик олимпиадага ЖАМУнун Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу, Т.Бекболотов атындагы Аксы, Кара-Көл жана Медициналык колледждеринин жетекчилери, предметтик окутуучулар жана колледждердин деңгээлинде өткөрүлгөн олимпиадалардын II-турунун жеңүүчүлөрүнөн түзүлгөн жалпы 86 студент катышты. Студенттер 11 предмет боюнча 9-жана 11-класстын базасында күч сынашып, жыйынтыгында жеңүүчүлөр университеттин дипломдору менен сыйланышты.

Олимпиадада 11-класстын базасында Жалал-Абад колледжинин студенти Абидинова Айсулуу (орус тили), Кочкор-Ата колледжинин студенти Канатбек уулу Медер (информатика), Майлуу-Суу колледжинин студенти Арапов Алтынбек (англис тили), Медициналык колледждин студенттери Мейманбаев Сыймык (математика), Замир кызы Дильноз (тарых), Аксы колледжинин студенттери Айбекова Айтурган (кыргыз тили), Сыдыгалы кызы Нуриза (экономика), Кара-Көл колледжинин студенти Жанызакова Жаркынай (педагогика) жана 9-класстын базасында  Жалал-Абад колледжинин студенттери Азимжанова Азиза (англис тили), Кубатбек кызы Акшоола (тарых), Оӊолбекова Тургунай (физика), Момукулова Айназик (орус тили), Кочкор-Ата колледжинин студенттери Рахманова Дилфуза (математика), Мамирова Озода (биология), Майлуу-Суу колледжинин студенти Рустемова Азем (химия), Кара-Көл колледжинин студенти Султанова Айзада (кыргыз тили) катышуучулардын арасында өзгөчөлөнүп биринчи орунду жеңип алышты.

 

ЖАМУнун колледждеринин студенттеринин арасында өткөрүлгөн

ХI-предметтик олимпиаданын жыйынтыгы:

Колледждердин аталышы

1-орун

2-орун

3-орун

жалпы

1

Жалал-Абад колледжи

5

6

5

16

2

Кочкор-Ата колледжи

3

4

6

13

3

Майлуу-Суу колледжи

2

3

2

7

4

Медициналык колледж

2

3

-

5

5

Т.Бекболотов атындагы Аксы колледжи

2

2

3

7

6

Кара-Көл колледжи

2

2

3

7

  • Жалал-Абад мамлекеттик университетинин колледждеринин студенттеринин арасында предметтик олимпиада өткөрүлдү